Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 21:44

Апта: сүйүнгөн Суталинов, муңайган Мусакеев


Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Суталиновду сүйүнткөн сот чечими

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту 7-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотту.

«Өсмө» (рак) дартына чалдыккан Суталинов сот залынан бошогондон кийин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып 2010-жылдагы апрель окуялары үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин айтты жана элден дагы бир жолу кечирим сурады:

«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса да, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен сотто да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да бүткүл кыргыз элимден кечирим сурайм».

Суталинов: Элимден кечирим сурайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Мурат Суталинов Кыргызстандан эч кайда кетпей турганын, онкологиялык ооруканада дарыланарын билдирди.

Ал мурдагы президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда турган. 2005-2006-жылдары ички иштер министри, 2006-2010-жылдарды УКМКнын төрагасы болгон. Суталинов апрель окуяларына байланыштуу айыпталып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Суталиновдун тагдыры азыркы бийликке сабак болушу керек экенин айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Суталиновдун баягы элге колу менен көрсөткөн «ишараты» тарыхта калды. Эми кандай болгон күндө да жазаланды. Бошонуп кеткени жакшы болду. Ушундай окуялардан бийликтегилер сабак алышы керек. Калыс иштебесе кандай тагдыр күтүп жатканын эч ким билбейт».

Кыргыз коомчулугунда Суталиновдун бошотулганын кубаттагандар да, ага нааразы болгондор да көп. Апрель окуяларынын катышуучусу Таалай Айдаров «Суталиновдун күнөөсү далилденгенден кийин ал жазасыз калбашы керек» деп эсептейт.

«20 жыл деген өтө оор жаза, - деди ал. - 2010-жылы Мурат Суталинов «эч нерсе кылган жокмун» дегени менен иштерди кылган. Муну тергөө да аныктады. Мыйзам талаасында чыгара турган кишилерди эмес, чыкпай тургандарды коё берип атабыз. Ошондуктан мен шаардык соттун чечимине нааразымын».

Талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Мурат Суталиновдун жагдайын бийликтин жалпы эле абалы менен байланыштырса болот.

«Суталиновдун тагдыры - бул жеке адамдын тагдыры эмес, бул биздин бийликтин тагдыры, - деди ал. - Эки президентибиз качып кетти, дагы бир президентибиз чүнчүп жүрөт. Жалпы бийликтин жоопкерсиздиги, өзүм билемдиги, коом менен эсептешпегендин кесепети бийликтиги адамдарды ушундай тагдырга туш кылып жатат. Азыр премьер-министр болгон эки адам түрмөдө отурат, шаар мэрлери болгон адамдар отурат. УКМКда иштеген бир жигитке кылмыш иши козголду. Жалпы эле Кыргызстандагы саясий бийлик эч ким менен эсептешпеген, коррупцияга малынган саясий система түзүп алды. Ошон үчүн бийликке ким барса да ушундай катаал, оор келечекке кептелип калышы мүмкүн. Анткени бийлик ушундай түзүлүп калды».

Апрель окуялары боюнча соттук жараян 2010-жылы башталып, дээрлик төрт жылга чейин созулган. Сот жараяндарынын жыйынтыктары менен 30дай адамга оор айып коюлган. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган бир топ саясатчылар сыртынан соттолуп, камалгандардын алды ар кандай жагдайда бошотулууда. Учурда апрель окуялары боюнча Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаев гана жазасын түрмөдө өтөп жатат.

Мусакеевге «мыйзамсыз байыган» деген айып коюлду

Башкы прокуратура 7-майда УКМКнын 9-кызматынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге байланыштуу материалдарды Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Башкы көзөмөлдөөчү орган «Мусакеев 2010-жылдан кийин «кыйла ирденип кеткен, мүлкүн туугандарына каттатып койгон» деп айыптап жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Нурайым Катаганованын маалыматына караганда, Мусакеевдин мүлкү өзү жана туугандары тапкан кирешеден да алда канча көп.

«Акыркы убакта бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Дамир Мусакеевдин мүлкү тууралуу коомчулукта талкуу жараткан макалалар жарыяланган, - дейт ал. - Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн көбү 2010-2017-жылдары сатып алынып, анын атасына, апасына жана аталаш агасына катталып, көз каранды эмес адистердин баасында, жалпы суммасы 20 миллиондон ашуун сомду түзгөн».

2016-жылы июнь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Дамир Мусакеевди УКМКнын жетекчисинин орун басары даражасындагы 9-кызматтын жетекчиси кылып дайындаган. Мусакеев ага чейин Атамбаевдин жансакчысы болгон.

Атайын кызматтын 9-башкармалыгы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилеринин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.

Мусакеев бул кызматтан 2018-жылы апрель айында өзү жазган арыздын негизинде кеткен. Ошондон бери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жансакчы, кеңешчи катары жүрөт. Андан сырткары КСДПнын саясий кеңешине мүчө болуп шайланган.

Экс-президенттин жансакчысы мүлкүн көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Дамир Мусакеев «жетекчилик кызматта турганда мыйзамсыз байыган» деген дооматты четке кагып жатат. Ал ата-энеси мал-жандуу экенин, андан сырткары картөшкө, алма сатып акча табарын, өзү жогорку кызматка келгенге чейин эле алар Бишкектин жака-белинен жер сатып алганын айтты. Мусакеев үйлөрү толук курулуп бүтө элек экенин кошумчалады жана козголгон кылмыш ишин «саясий куугунтук» деп баалады:

«Азыр «Атамбаевдин жанында ким калса, ага чын жүрөгүнөн кызмат кылса Дамир Мусакеевдикиндей тагдыр күтөт» деп алыстан коркутуу башталды. Бул куугунтук болбогондо эмне? Мен Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүрбөсөм мага карата иш да козголбойт болчу. Мен ээлеген кызматты булар текшере берип ал жактагы кагаздар айрылайын деп калды. Мен төрт бир тууганмын. Төртөөбүз тең эр жетип турабыз, кичүү иним 26 жашта. Баарыбыз иштейбиз. Буюмдарымды «Азаттыктын» кабарчысы менен чогуу барып ар бир мыгына чейин санап бергенге даярмын. Ошол эле каймана аты бар миллионер аткаминерлер ошентип көрсөтө алат бекен? Жарыяланган тизменин арасына мен туулуп-өскөн үйдү да «атасына катталган» деп базар баасы менен эсептеп киргизип коюшуптур. Ал атам өзү салган үй да. Бул таптакыр абсурд!».

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев «саясий куугунтук» деген сөздөр негизделбей калган учурлар да бар экенин белгиледи:

«Биздин кыргыз төбөлдөрү дайыма бир нерсе болсо эле «куугунтук» дей башташат. Анан чоо-жайын карасаңар эле уурдап алган, коррупциялык иштерге аралашкан болуп чыгат. Бирок коррупция менен күрөш үчүн колго кишен салуунун кереги жок. Системаны өзгөртүш керек. Бийликтин архитектурасын өзгөртүү зарыл. Аны өзгөртмөйүн, Сооронбай Шарипович беш жылдан кийин бийликтен кеткен соң анын да жанындагылар бир нерсени «апчып-чапчып алган» боло берет».

Быйыл февраль айында Дамир Мусакеевге биринчи кылмыш иши козголгон. Анда Башкы прокуратура Мусакеевди «УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн» деп айыптаган. Мусакеев анда да дооматтарды четке каккан жана «саясий өңүтү бар» деп айткан. Бул кылмыш ишин тергөө аяктай элек. Мусакеев эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат жазып берген.

Буга чейин Кыргызстанда «мызамсыз байыган» деген айып менен эки адамга - экс-вице-премьер-министрлер Дүйшөнбек Зилалиев менен Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголгон. Зилалиев ушу тапта УКМКнын тергөө абагында отурат, ал эми Шадиевге издөө жарыяланган.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев Кыргызстанда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, бирок айлыгынан алда канча көп киреше тапкан, байлыкка туйтунган аткаминерлер көп экенин эске салды. Ошондой эле ал «мыйзамсыз мүлк топтогон» деген айып коюуда тандалма мамиле болуп жатат деген оюн айтты:

«Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн 2-3 адамга «мыйзамсыз байыган» деп иш козголуп жатат. Эгер декларацияларды чындап текшерип, ошонун жыйынтыгы менен «мыйзамсыз байыган» деген кылмыш иштери козголо турган болсо Аскар Акаевдин убагынан баштап азыркы бийликтеги бир топ аткаминерге чейин кылмыш ишин козгосо болот. Айрыкча Мамлекеттик бажы кызматында, АКСте иштегендердин, азыркы президенттин айланасында жүргөн адамдардын топтогон байлыгынын таржымалы күмөн. «Ак үйдөн» тартып айыл өкмөттөргө чейин кылмыш ишин козгосо болот. Себеби көпчүлүгүнүн кирешелери менен чыгашалары дал келбейт. Айлыгы 10 миң сом болгон бажы кызматкери 40-50 миң долларлык машине минип жүрөт, 200-300 миң долларлык хансарайларда жашап жатат. «Мыйзамсыз байыган» деген берене менен 2-3 миң аткаминерди камап койсо болот. Ошондуктан мен «коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат, мыйзамсыз байыгандардын баары өз жазасын алып жатат» дегенге кошулбайм».

Дамир Мусакеев 10-майда журналисттерди топтоп, мүлкүн көрсөттү. Ал башка аткаминерлерди, тактап айтканда, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду да байлыгын элге ачык жарыялоого чакырды:

«Азыр социалдык тармактардан көп эле маалымат окуп жатпайбызбы. Элдин баарына Райымбек Матраимовдун мүлкү кызык. Мен бул эстафетаны Матраимовго берейин. Ал да мал-мүлкүн көрсөтсүн. Каяктан акча тапкан, мүлкү кимге катталган, канчага баалайт - ошолорду айтып берсин».

Райымбек Матраимов мындай чакырыкка азырынча үн ката элек. Азыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) анын мүлкүн текшерип жатат.

Догоевге да доомат барбы?

Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Дастан Догоев 8-майда күбө катары УКМКда сегиз сааттай сурак берип чыкты. Анын адвокаты Бакыт Осмоналиев Догоев биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендерге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча чакырылганын ырастады:

«Буга чейин тендерге байланыштуу балдар кармалбады беле, Дастан Догоев ошол иш боюнча күбө катары суралды. Андан башка эч нерсе болгон жок. «Тендерге тиешеси барбы же жокпу?» деген суроо болду. Тиешеси жок экенин айттык. Ошону менен сурак бүттү».

Дастан Догоевден соңку жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. УКМК да кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат.

Башкы прокуратура апрель айында электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендердеги мыйзам бузуу фактыларын «Коррупция» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Кылмыш ишин учурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергеп жатат. Аталган кызмат азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Мындан көп өтпөй Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Анын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

«Коомдук талдоо институтунун» жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова камакка алынгандарды жактап келет. Анын айтымында, сотто IT адистердин бөгөт чарасы каралып жатканда тергөөчүлөр Догоев да камаларын кыйытышкан.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Биз сотто көпкө чейин отурдук, - деди ал. - Тергөөчүлөр Догоевди «кийинкиси сенсиң» деп кекетип ары-бери басканын көргөнбүз. Паспорт боюнча тендердик комиссияны жетектеген адамдын бөгөт чарасын өзгөртүп коюшту, ал эми IT кызматкерлерине чабуул коюп жатышат».

Мунун алдында айрым IT адистер соңку кылмыш иштеринен, анын алкагындагы камакка алуудан улам Кыргызстандагы санариптештирүү жараяны үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин айтып чыгышкан болчу.

Биометрикалык паспорттордун тендерине байланыштуу кырдаалга карата президент Сооронбай Жээнбеков 22-апрелде Ошто санариптештирүү маселесине арналган жыйында сөз кылган жана жарандык коомду шашылыш тыянак чыгарбоого чакырган:

«Жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тендер чырына байланыштуу кармалды. Мен коомдун пикирин урматтайм. Жарандык коом күчтүү болгону, жарандар мамлекеттик маселеге кайдыгер карабаганы - жакшы көрүнүш. Бирок тендердин айланасында суроо көп. Ошондуктан шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырам. Баары мыйзам чегинде болууга тийиш. Мыйзам баарына бирдей. Эгер ал бузулса, ким экенине карабай, жоопкерчиликке тартылат».

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев коомчулукта ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн атайын кызмат ушундай учурларда ачык-айкын болушу керек деп эсептейт.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Коом азыр «коррупцияга каршы күрөш кош стандарттуу болбошу керек» деп талап кылып жатпайбы. Ошондуктан президенттин кеңешчиси, жакындары да суракка чакырылса - анда бул укуктук мамлекетте кадимкидей эле көрүнүш. Азырынча аны «кылмышка шектүү» деп айтыша элек, «күбө катары гана сурак берип жатат» дешти. Бирок УКМКдагы ушундай резонанстуу, коррупцияга байланышкан иштер, тергөө амалдары, сот жараяны - баары ачык-айкын болушу керек. Ошондо гана коомчулукта ишенич пайда болот. Ошондо гана «кайсы бир топторго же саясий атаандаштарына каршы чабуул» деген мазмундагы сөздөр айтылбайт», - деди депутат. ​

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 2017-2018-жылдары иштеген. Былтыр февраль айында өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кеткен жана бул чечимин үй-бүлөлүк жеке маселелер менен байланыштырган. Мындан көп өтпөй эле президент Сооронбай Жээнбеков аны өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындаган. Догоев президентке караштуу санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңешти жетектейт.

Эрдогандын кыялы орундалды

Түркиядагы Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өзүнүн баштапкы чечимин жокко чыгарды. Ал чечимге ылайык, 17-апрелде оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу Стамбулдун мэри болуп шайланган болчу. Имамоглу атаандашы, Түркиянын мурдагы өкмөт башчысы Биналы Йылдырымдан 0,2 пайыз добуш көп алган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ошондон бери эле Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырып келген. Ал мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер гана иштеши керек экенин, Стамбулда болсо кээ бир шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылбаганын айтып жаткан.

Мэрлик кызматка киришкенине 20 гана күн болгон Имамоглу 7-майда түн ичинде Жогорку шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы болуп чогулган тарапкерлеринин алдында «эмки шайлоодо да утуш биз жакта болот» деп билдирди:

Экрем Имамоглу.
Экрем Имамоглу.

«Дагы 40-45 күн утуу менен алар былык иштерин тазалаш үчүн ушул чечимди кабыл алдырышты. Бирок сиздерге айтып коёюн, биз жүзүбүздөгү күлкү менен, үмүт менен, сүйүү жана урмат менен укугубузду кайтарып алабыз».

Бийликчил «Адилеттик жана өнүгүү» же түрктөр кыскартып айткан АК партиянын талапкери Бинали Йылдырым да бул күнү оппоненти экөөнүн сөздөрүн жүйө келтирди:

«Башынан эле экөөбүз тең - мен жана атаандашым «Жогорку шайлоо комиссиясынын чечими милдеттүү жана баары ага баш ийет» деп айтып келгенбиз».

Режеп Тайып Эрдоган 7-майдагы сөзүндө Жогорку шайлоо комиссиясынын чечимин кубаттады жана буга чейин эле айтып келген оюн дагы бир жолу кайталады:

«Шайлоолордон мурдараак айрымдардын кир колу ишке салынып, улам бир кадамдарды жасап отуруп ушул жагдайга жеткиришкени айкын болду. Стамбулдун мэрлигин шайлоодо уюшкан коррупция, толук мыйзамсыздык жана эреже бузуу болгонуна бекем ишенебиз».

Түркияда президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин сынаган муниципалдык шайлоолор 31-мартта өткөн. Анда Стамбул, Анкара жана Измир шаарларынын башчыларын шайлоодо оппозициячыл талапкерлер жеңип алган.

Бир катар байкоочулар буга чейин «Эрдоган Стамбул шаарын оңой менен колунан чыгарбайт» деген пикирин айтып келген эле. Алар бир кезде өзү да Стамбулдун мэри болгон түрк президентинин «ким Стамбулду ээлесе - ал Түркияны ээлейт» деген мазмундагы сөзүн да эстешкен.

Бирок кайра шайлоодо бийликчил партиянын талапкери утуп чыгарынан күмөн санагандар да бар. Анткени шайлоолор түрк акчасы кунун жоготуп, өлкө экономикасы кыйынчылыкка батып, бийликке сын күчөп турган маалга туш келгени турат.

Түркиянын эң ири шаары - Стамбулдун мэрин кайра шайлоо 23-июнга белгиленди.

Европа Биримдиги «кайра шайлоо өткөрүү демократиялык добуш берүү процесстерине карама-каршы келерин» белгилеп, акыркы чечимди сындап чыкты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG