Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Дамир Мусакеевге дагы бир иш козголду


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевге карата дагы бир кылмыш иш козголду.

Ал жетекчилик кызматта турганда мыйзамсыз байыган деп шек саналууда. Мусакеев өзү муну «бийликтин Атамбаевди сатпагандарды каралоо аракети» деп атап жатат.

Мусакеевге Бишкекте элиталык батирлер, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер тилкелери таандык экени, анын баарын Атамбаев берген акчага сатып алып, жакындарына каттатып койгону тууралуу кабарлар соңку күндөрү Интернетте байма-бай тараган.

Башкы прокуратура чогултулган материалдар Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 7-майда каттоого алынганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нурайым Катаганова УКМКнын маалыматына таянып айтканына караганда, сөз болуп жаткан мүлк Мусакеев өзү гана эмес, жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат.

«Акыркы убакта бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Дамир Мусакеевдин мүлкү тууралуу коомчулукта талкуу жараткан макалалар жарыяланган, - дейт ал. - Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн көпчүлүгү чындыгында 2010-2017-жылдары сатып алынып, анын атасына, апасына жана аталаш агасына катталып, көз каранды эмес адистердин баасында, жалпы суммасы 20 миллиондон ашуун сомду түзгөн».

Дамир Мусакеев өзү бул айыптарды карандай калп деп баалап жатат. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ал атасы мал, картөшкө, алма сатып тапкан акчасына Бишкектин четинен жер тилкелерин сатып алганы анык экенин ырастады. Бирок анын баары баласы жогорку кызматка дайындалганга чейинки оокаты экенин, ошол жерлерде кура баштаган тамдар дагы эле бүтпөй турганын айтып берди.

Тандалма батирлер боюнча айыптоо да негизсиз экенин айткан Мусакеев ага карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирди:

««Атамбаевдин жанында ким калса, ага чын жүрөгүнөн кызмат кылса Дамир Мусакеевдикиндей тагдыр күтөт» деп алыстан коркутуу баштады. Бул куугунтук болбогондо эмне? Мен Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүрбөсөм мага карата иш да козголбойт болчу. Мен ээлеген кызматты булар текшере берип ал жактагы кагаздар айрылайын деп калды. Мен төрт бир тууганмын. Төртөөбүз тең эр жетип турабыз, кичүү иним 26 жашта. Баарыбыз иштейбиз. Буюмдарымды «Азаттыктын» кабарчысы менен чогуу барып ар бир мыгына чейин санап бергенге даярмын. Ошол эле каймана аты бар миллионер аткаминерлер ошентип көрсөтө алат бекен? Жанагы жарыяланган тизменин арасына мен туулуп-өскөн үйдү да «атасына катталган» деп базар баасы менен эсептеп киргизип коюшуптур. Ал атам өзү салган үй да. Бул таптакыр абсурд!».

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев көзөмөл органынын Мусакеев тууралуу тараткан билдирүүсү анча ынандырбай жатканын айтууда. Ал «Эгер Мусакеев мыйзам бузган болсо, бул маселе эмне үчүн ошол учурда көтөрүлгөн эмес?» деген собол таштады:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Мурда иштеп кеткен бийлик өкүлдөрүнүн баарын Сооронбай Шарипович бир эмес, бир нече жолу «коррупциялык мафия түрүндө бекемделген бийлик тобу» деп айтканы бар. Ошол себептен баарынын үстүнөн текшерүү жүрүп жатпайбы. Бир чети, Мусакеевди да туура түшүнсө болот. Маселе иштеп турган убагында эмес, азыр көтөрүлүп жатат. Укук коргоо органдары тизмелерди топтоп жарыялап койгону жетишсиз. Жанагы «фейк» деген термин пайда болбодубу, укук коргоо органдары фейк жаңылыктарын жарыялап коюп, эл арасында кандайдыр бир пикир жаратып жаткандай элес калтырууда».

Ибраев белгилегендей, улам жаңы келген бийлик ага чейинкилерине иш козгоп, каматкан тажрыйба Кыргызстанда алгачкы президент Аскар Акаевдин доорунан бери токтобой келе жатат. Мурдагы башкы прокурор муну туура эмес ыкма деп эсептейт жана тез арада чыныгы саясий реформаларды башташ керек экенин айтууда.

«Ырааттуу реформа жүрбөй жатат» деген пикирге саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да кошулат. Бирок, анын баамында, кызматтан кеткенден кийин кылмыш жообуна тартылып жаткандардын арасында өзүн коргош үчүн тартип коргоо органдарынын аракеттерин «куугунтук» деп негизсиз сындагандар да бар.

«Биздин кыргыз төбөлдөрү дайыма бир нерсе болсо эле «куугунтук» деп башташат, - деди талдоочу. - Анан чоо-жайын карасаңар эле уурдап алган, коррупциялык иштерге аралашкан болуп чыгат. Бирок коррупция менен күрөш үчүн колго кишен салуунун кереги жок. Системаны өзгөртүш керек. Бийликтин архитектурасын өзгөртүү зарыл. Аны өзгөртмөйүн, Сооронбай Шарипович беш жылдан кийин бийликтен кеткен соң анын да жанындагылар бир нерсени «апчып-чапчып алган» боло берет».

Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) 2016-2018-жылдары башкарган. Анын айтымында, өзүнө катталган бир да кыймылсыз мүлк жок.

Мекеменин жатаканасында бир бөлмөлүү батирде жашап, 2015-жылы ошол эле УКМКга караштуу жатаканалардын бирине үч бөлмөлүү батирге көчкөн, азыр да ошол жерде жашайт.

Быйыл февраль айында Мусакеевге карата УКМКнын кызматтык батирлерин бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деген шек менен да сотко чейинки өндүрүш башталып, өлкөдөн чыгышына тыюу салынган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары жетектеген Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси бузулуп, экөө бирин бири айыптап келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG