Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Парламент кимге көз каранды?


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолду.

Бир эле маселе боюнча эки ирет добуш берилгени, анда эки башка жыйынтык чыкканы парламенттин өз алдынчалыгы тууралуу маселени козгоду.

Жогорку Кеңеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлоо бир канча саатка созулду. Түшкө чейинки добуш берүүдө Чынара Капарова эң көп добуш алган. Бирок "жол-жобо бузулду" деген нааразылыктан улам кайталап добуш берүүдө коомчулукка аты белгисиз, журналистика тармагында дээрлик иштебеген Атыркүл Сарыбаева утуп чыкты.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков бул талаш-тартышты жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиеванын тажрыйбасыздыгы менен байланыштырды:

- Аудиторияга көнүп, регламент боюнча туура алып барууну үйрөнүш керек. Дастанбек Артисбекович, бүгүнкү маселени Аида Камчыбековнага калтырып койгонуңар туура эмес болгон. Ал үйрөнүшү керек, көнүшү керек. Андан кийин гана аудиторияны башкарганга чамасы жетет. Аида Камчыбековна, бүгүнкү маселе сиз өткөрбөй турган маселе эле.

Байкоочу кеңеште бир канча айдан бери бош турган бир орунга Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын, Атыркүл Сарыбаеванын, Мирбек Мурзабековдун жана Нургазы Мусаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Парламентте бир эле маселе боюнча бир күндүн ичинде эки башка чечим кабыл алынганын депутат Жанарбек Акаев сындап чыкты жана муну жогору жактан кийлишүү, көрсөтмө деп сыпаттады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- "Жогорку жактан сунуш болуптур, ошол жактын көрсөтмөсү экен" деген сөздөрдү угуп аябай нааразы болдум. Эми биз өкмөт башчыны шайлап жатсак бир жөн. КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн шайлап жатканда да жогору жактын көзүн карап отурганыбыз парламентке абийир алып келбейт. Эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй духу жок экенибизди кечээ далилдедик. Мынчалык деңгээлге түшпөш керек эле. Эгер Байкоочу кеңештин бир мүчөсүн өз алдыбызча шайлай албай жатсак, эртең коопсуздук маселесинде, саясий маселелерде биз өзүбүздүн эркибизди, позициябызды көрсөтө албайбыз.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламент көз каранды деген пикирге кошулат. Бирок депутаттын баамында, бул жолкусунда "Асылбек Жээнбеков аралашты" деген мазмундагы сөздөр негизсиз:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Түшкө чейин эле бир талапкерге 70тен ашык добуш берилип, түштөн кийин эле анын 13-14ү бул чечиминен баш тартканы кызыктай болуп жатат. Бул жакшы белги эмес. Муну көз карандылыкка жол берүү деп эсептейм. Парламент көз каранды десек болот. "Президент, өкмөт башчы менен кандай мамиле болот?" деп өзүбүз аракет кылганыбыз билинип турат. Бирок кечээ Асылбек Жээнбековдун айткандарын баарыбыз айтканбыз. Ал президенттин иниси болгондуктан гана коомчулукта ошондой мамиле болду.

"Азаттык" талаш-тартышка байланыштуу вице-спикер Аида Касымалиеванын өзүнүн пикирине кызыкты. Депутат "бул негизинен аппараттын катасы болду" дегени менен саясий да өңүттөр бар экенин да жокко чыгарган жок:

- КТРКга кызыгуу көп. Саясий да жактары бар. Ошондуктан аябай талаш-тартыш болду. Андан сырткары аппараттан техникалык ката кетти. Талапкер Мусаевдин фамилиясы окулбай, токтом долбоору чыгып калды. "Эми кайра кантебиз?" деп беш-алты сааттык талкуу болду. Мага, мисалы, жогору жактан көрсөтмө келген жок. Бирок ар бир талапкердин артында фракциялар, кандайдыр бир депутаттардын арасында топтор бар. Ошондуктан талкуу ырбап кетти окшойт. Президенттин администрациясынан же өкмөттөн "ушул мыйзамды өткөрүп бербейлиби, коомго керек" деп келишет. Бирок Жогорку Кеңеш регламентти бузбай, үч окуудан тез өткөрбөй, ыйгарым укуктарын так аткарса жанагындай жагдайлар болбойт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков парламенттин иши фракциялардын позициясына көз каранды экенин айтты:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Ар бир фракциянын позициясы болушу керек. Ар бири ой-пикирин ачык билдирсе, жанагындай талкууга, ар кандай сөздөргө, кеп-сөзгө жем болбойт эле. Так позициянын жоктугу парламенттин аброюна доо кетирип жатат. Жогору жактан айтылган, көрсөтмө берилген учур дайыма болуп келген, мындан кийин деле болот. Ошондуктан фракциялар өз позициясына бекем болушу керек. Парламентте алты фракция бар экени, ар биринин өзүнүн позициясы бар экени сезилбей калган кырдаалда ушундай сөздөр чыга берет. Фракциялардын өзүнүн позициясынын жоктугу ошол партиялардын иши өтө начар дегенди билдирет.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы курамы 2017-жылы шайланган жана 15 мүчөдөн турат. Мыйзам боюнча, алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган.

Парламенттин баркын түшүргөн шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG