Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

Жаңы мыйзам КТРКны кысымдан сактайбы?


Жогорку Кеңешке сунушталып жаткан "Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору медиа коомчулуктун кызуу талкуусуна алынууда.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде? Кандай жаңы жоболор кирип жатат? Мыйзамдын жаңы редакциясы телерадиокорпорациянын коомдук макамын бекемдей алабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев жана КТРКнын байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Абды Сатаров катышты.

“Азаттык”: Аида айым, "КТРК жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси өзүңүз экенсиз. Буга кандай зарылчылык болду, аталган мыйзамдын кабыл алынганына анча көп убакыт өтө элек эле?

Аида Касымалиева: Мындан эки ай мурда КТРКнын Байкоочу кеңеши Жогорку Кеңешке келип отчет бергенде көп суроолор жаралган, көп сындар айтылган. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков дагы “бизге мыйзамды өзгөртүп берсеңер, ошонун негизинде иштөөгө даярбыз” деген.

КТРК коомдук боло алдыбы?

КТРК коомдук боло алдыбы?

Кыргыз телерадиокорпорациясынын “коомдук” деп статус алып иштеп жатканына беш жыл болсо да коомчулуктун катуу сынына кабылып келет.

Негизи бул мыйзам былтыр эле жазылган экен, кандайдыр бир себептер менен чыкпай калыптыр. Биз аны алып чыгып, “Институт медиа полиси” деген уюм менен бирдикте азыр иштеп, коомдук талкууга коюп жатабыз. Биздин бул мыйзамды алып чыгып жатканыбыз менен алдыдагы шайлоонун эч байланышы жок. Негизги максат – КТРКнын коомдук макамын дагы бекемдөө. Биз КТРКнын негизги принциптерин дагы эле толук түшүнө элекпиз, азыр биз так жазып жатабыз.

“Азаттык”: Абды мырза, сиз эмгек жолуңузду телевидениеге, анын көбүн КТРга арнаган адамсыз. КТРКнын байкоочу кеңешинде иштедиңиз, бүгүнкү мыйзамда чындап эле өксүктөр бар беле, болсо сиз кайсыларды атайсыз?

Абды Сатаров: КТРКнын коомдук болушу анын 80 жылдык тарыхындагы чоң окуя. Анткени биз ордубузда тура бербешибиз керек, алдыга жылышыбыз керек. Бирок биз КТРКнын принциптери, функциялары толук аткарылып жатат деп айта албайбыз. Байкоочу кеңеш, КТРКнын өзү мыйзамга ылайык көз каранды эмес иштөөгө аракет кылды, сырттан кандайдыр бир кийлигишүүлөрдү байкаган жокпуз. Бирок биз иштеген Байкоочу кеңеш редакциялык принциптердин сакталышына, көрсөтүүлөрдүн контентине, бюджетке көп көңүл бурду.

Мыйзам долбоорунда Байкоочу кеңеш кадр саясатына кийлигишпейт деп жүрөт. Туура, макул. Бирок башкы директорду, анын орун басарларын Байкоочу кеңеш шайлайт, бул кадр саясаты эмеспи деген суроо туулат. Мындан сырткары КТРКда иштеген журналисттер кадрдык маселе менен Байкоочу кеңешке кайрылышат, аларды карабай коюуга мүмкүн эмес. Байкоочу кеңеш ал суроо боюнча башкы директорго тигиндей же мындай кылып чеч деп буйрук берип, кийлигише албайт. Болгону, сунуш гана бере алат.

“Азаттык”: Жыпар мырза, бүгүнкү сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору КТРКнын коомдук статусуна толук жооп береби, анын өз алдынчалуулугуна шарт түзө алабы?

Баш директор бир мөөнөткө төрт жылга шайланганы туура болот. Ушул убакыттын ичинде ал өзүн толук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм.

Жыпар Жекшеев: Ар бир мыйзамдын аткарылышы адамдын колунда. Кыргызстанда бардык тармак боюнча эле жакшы эле мыйзамдар кабыл алынат, бирок аткарылышына келгенде эле аксап жатпайбы. КТРКны чыныгы коомдук канал кылуу – өзгөчө бир мүмкүнчүлүк. Эң негизги милдет – тең салмактуулукту, адилеттүүлүктү, чындыкты, калыстыкты элге жеткирүү. Ал коомдук деген статусуна толук жооп берип жатабы - кеп мына ушунда. Мына бүгүнкү талкууда Байкоочу кеңеш башкы директордун орун басарларын шайлоосуна да кийлигишпеши керек деген сунуштар айтылууда.

Байкоочулар кеңеши менен шайланып келген орун басарлар бардык жоопкерчиликти алган башкы директорду угушпайт экен, кызматтан ала албай жатат деген кептер айтылды.

“Азаттык”: Аида айым, мыйзам долбоорунун 4-беренесиндеги мамлекеттик бийликтин саясий жана каржылык басым жасоосуна тыюу салынат деген жобонун иштеп кетишине кандай кепилдик бар? Бул беренени бузганда жаза берүү жобосун киргизсе болот беле?

Аида Касымалиева: Мурда мындай жобо жок болчу, так жазылган эмес. Бул мыйзамдын өзгөчө жери ушул. Бийлик тараптан саясий жана каржылык басым жасаса, анын жоопкерчилиги кандай суралат деп жатышат. Ал жаза башка мыйзамдар менен чектелет. Телеберүүнүн принциптери бул жолу так жазылды. Эгер аларды бузуп, кийлигишүү болсо КТРКнын Байкоочу кеңеши, башкы директор аргументтер менен кайрылса, жазса болот.

Мындан сырткары бүгүнкү күнү КТРКны кантип мамлекеттик бийликтин, саясий топтордун таасиринен коргойбуз, чектейбиз деген темалардын тегерегинде көп талкуулар болууда. Башкы директор бир же эки мөөнөткө шайланабы деген талкуу жүрүп жатат. Башкы директор бир мөөнөткө төрт жылга шайланганы туура болот. Ушул убакыттын ичинде ал өзүн толук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм.

Ошону менен бирге Байкоочу кеңешке кандай адамдар шайланышы керек, кайсы тараптардан болуш керек деген суроолор көп. Биздин сунушта Байкоочу кеңештин мүчөсү эки жолу гана шайлана алат, саясий топтордон, диний уюмдардын өкүлдөрү ага мүчө боло албайт деген чектөөлөрдү киргизип жатабыз.

Талкууну толук вариантын ушул жерден угуңуз:

КТРК жөнүндө мыйзам (1-бөлүм)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:44 0:00
Түз линк

КТРК жөнүндө мыйзам (2-бөлүм)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:55 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG