Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстандын медиа коомчулугу орусиялык Биринчи канал, РТР жана НТВ сыяктуу чет элдик телеканалдарга жарнама жайгаштырууга уруксат берген парламенттин мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Бул демилге ишке ашса, мурдагы бийлик режимдеринин тушундагыдай, жарнамадан түшчү ири киреше агымын бир колго топтоп, жергиликтүү телеканалдарды банкротко алып келет деген кооптонуу күч. Демилгени парламентке алып чыккан Маданият жана маалымат министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты.

Автору белгисиз долбоор

Жогорку Кеңеш 14-декабрь күнү чукулунан эле “Теле жана радио берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү карады. Анда санариптик форматта соцпакетке кирген орусиялык Биринчи канал, РТР жана НТВ сыяктуу телеканалдарга жергиликтүү жарнамаларды жайгаштырууга кайрадан уруксат берүүнү караган ченемдер кирген.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев медиа коомчулук муну ата мекендик телеканалдардын каржылык абалына жана өлкөнүн маалымат коопсуздугуна урула турган сокку катары кабыл алганын белгиледи:

- Медиа коомчулук бул мыйзам долбооруна абдан терс баа берди. Бул ченем аркылуу уруксат берилсе, анда биздин телеканалдардын каржылык абалына сокку урулуп, аларды биротоло банкротко алып келчү жагдай түзүлүшү мүмкүн. Мунун кесепети өлкөнүн маалымат коопсуздугу бошоңдоп, башка чет элдик телеканалдар биротоло өз үстөмдүгүн орнотушу мүмкүн. Муну бир мамлекеттин маалымат саясатына каршы багытталган кутум катары карасак болот. Ошондуктан бул мыйзам долбоорунун так автору белгисиз. Алар көмүскөдө туруп алып, муну кабыл алууну таңуулап жатканы көрүнүп турат.

Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоору кызуу талкууга алынды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Наталья Никитенко анын концепциясы биринчи окууда башкача кабыл алынып, экинчи окууга таптакыр таанылгыс болуп оңдолуп келгенине таң калды. Депутаттар чет элдик телеканалдарга жергиликтүү жарнактарды жайгаштырууга уруксат берилсе, анда ата мекендик телеканалдар түшчү кирешеден куру калат деп тынчсызданышты.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоору комитетке кайра кароого жөнөтүлгөнүн белгиледи:

- Бир топ катачылыктары бар экен. Башында биз иштеп чыгып, сунуштаганда андай ченемдер жок болчу. Кийин эле “Республика-Ата Журт” фракциясынын сунушу менен мына ошол өзгөртүүлөр кирип калыптыр дешти. Биз ага каршы болуп, аны комитетте кайрадан карап чыгууга жөнөттүк. Негизи жөн эле алып көрсөткөн телеканалдарга жергиликтүү жарнамаларды жайгаштырууга мүмкүн эмес болчу.

Кирешелүү тармакка кызыккандар көп

2005-жылга чейин орусиялык РТР жана Биринчи каналга жергиликтүү жарнамаларды жайгаштыруу менен мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык медиа холдингдин астындагы “Айрек” көрнөк-жарнак компаниясы алектенчү. Анын кожоюну президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаев болчу. Бул жагдайда жергиликтүү телеканалдарды жарнамадан түшчү кирешеден куру калтырган.

Муну бир мамлекеттин маалымат саясатына каршы багытталган кутум катары карасак болот.
Азамат Тынаев

Андан соң кирешелүү бул бизнести кийинки президенттин уулу Максим Бакиевге таандык деп саналган “Лента” компаниясы ээлеген. 2010-жылдан кийин бул схема жоюлган эле.

ЭлТР телеканалынын мурдагы жетекчиси Нурлан Шакиев учурда мына ошол схеманы кайрадан жандандырып, тармакты колго алуу аракети башталганын байкаган:

- Бул жарнамаларды жайгаштыруу укугун алуу өтө чоң каржылык агымды алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мына ошондуктан бул мыйзам долбоорун киргизгиси келген мурдагы эле технологдор аны кайра башкача бир формада киргизип жибергиси келип жаткан экен. Бул жерде ири киреше гана эмес, чоң саясат дагы бар. Учурунда мына ошол бардык жарнамаларды “Айрек” аркылуу чогултуп алып, жергиликтүү телеканалдарды куржалак калтырган схемаларды жандантып, ишке киришип калышкан тура. Бул энергетика тармагындагы Ширшовдун схемалары сыяктуу эле телеберүү тармагындагы жарнама агымын жана анын кирешесин бир колго топтоп алуу аракети.

Кыргызстанда санариптик форматта соцпакетке кирген орусиялык телеканалдар көрүмдүүлүгү жагынан популярдуу экени SIAR компаниясынын изилдөөсүндө көрсөтүлгөн. Ошондуктан аларга жарнама бергендердин саны мурда эле көп болгону белгилүү.

Мыйзам долбоорунда аталган телеканалдарды чагылдырууга кеткен чыгымды жапкан өлчөмдө гана жарнактарды жайгаштырууга уруксат берүү жагы каралган. Орусиялык телеканалдардын Кыргызстанда көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 50 миллион сом бөлүнөт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG