Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Орус медиасына өзгөчө макам берүүнүн оош-кыйышы


Путиндин кайрылуусун тыңдап отурган мигрант. 2014-жыл
Путиндин кайрылуусун тыңдап отурган мигрант. 2014-жыл

Кыргызстанда орусиялык ОРТ жана РТР телеканалдарына өзгөчө макам берүү маселеси бир жаңсыл чечиле элек.

Өкмөт эмки айда чечимин жарыялашы керек. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул айдын башында бул телеканалдарга өзгөчө макам берүү боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун коомдук талкууга чыгарган, бирок нааразы, каршы пикирлерден улам документти өкмөт коомдук талкуудан алып салган.

Ушул айдын башында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Орусия менен массалык коммуникация жаатында кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун коомчулуктун талкуусуна койгон. Анда негизинен орусиялык “Биринчи канал. Дүйнөлүк желе” жана “РТР-Планета” телеканалдарына өзгөчө макам берилиши керектиги жазылган.

Министрдин орун басары Айнура Темирбекова “Азаттыктагы” маегинде Орусия эпсиз каражат коротуп даярдаган берүүлөрүн Кыргызстанга бекер берип жатканын, мындан улам өзгөчө макам берилиши керек деп негиздеген:

Иллюстрация
Иллюстрация

- Кыргызстан санариптик системага өткөн соң “Биринчи канал” менен “Россия РТР” көрсөтпөй калган. Мындан улам бизге элден аябай көп суроо түшүп, каналдар эмнеге жоголуп кеткенин сурашкан. Ошондо Орусиянын Байланыш жана коммуникация министрлигинин өкүлү келип, сүйлөшүү өткөрүп, меморандум түзгөнбүз. Алар бизге аталган каналдардын контенттери тууралуу айтып беришкен. Орусия аталган эки каналдын контенттерине жылына 3 миллиард доллар коротот экен. Башка мамлекеттердин баары сатып алат. Кыргызстанга гана акысыз сунушташат. Ошондуктан, аларга өзгөчө макам беришибиз керек.

Мындай келишимдин долбоору жарыяланар замат кызуу талаш-талкуу жараткан. Орус медиасына өзгөчө макам берүүгө каршылар расмий Москва үгүтүн ачык жүргүзөт, көзөмөл болбойт, мындан улам маалымат коопсуздугуна доо кетет деген жүйөлөрдү келтирген. Өкмөт мындан улам долбоорду коомдук талкуудан алып салган жана чечим чыгарарда коомчулуктун пикири эске алынарына ишендирген. Азыр кандай чечим чыгары, Орусиядан дагы башка сунуш келген-келбегени, келишимдин шарттары кандай болору белгисиз.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамыркановдун билдиришинче, мындан улам орус телеканалдарынын санариптик берүүдөгү социалдык пакетке кирип же кирбеши чечиле элек:

- Эгер бул телеканалдарга өзгөчө макам берилбесе, анда биз социалдык пакетке киргизе албайбыз. Себеби, ал жерде Маданият министрлиги бекиткен атайын жобо бар. Ошол жобого туура келбей калат. Мамлекеттер аралык макамы бар чет өлкөлүк каналдар тууралуу критерий бар. Бүгүнкү күндө аталган эки канал боюнча андай макам жок.

Орусиянын “Биринчи канал. Дүйнөлүк желе” жана “РТР-Планета” телеканалдары Кыргызстанда Орусия менен биргелешип, жармакташып түзүлгөн ишканалар аркылуу көрсөтүлөт. “Биринчи канал. Дүйнөлүк желе” телеканалынын берүүлөрүнө “Биринчи канал. Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому жооп берет. Бул ишкана 2007-жылы түзүлгөн жана үлүшүнүн теңинен көбүнө Коомдук телерадиокорпорация ээлик кылат. Корпорациянын башкы деректири Илим Карыпбеков “Азаттыкка” төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Бул ишкананын 60 пайызы КТРКнын, ал эми 40 пайызы Орусиянын “Биринчи канал. Дүйнөлүк тармак” каналына таандык. Бул ишкана негизинен эки милдетти аткарат. Биринчиден, Орусиянын “Биринчи каналын”, башкача айтканда, ОРТ каналын Кыргызстанга таратат. Жөнөкөй тил менен айтканда, ОРТнын Кыргызстанда көрсөтүлүшүн камсыз кылат. Экинчи милдети, булар ОРТны көрсөтүү боюнча лицензияны кабелдик каналдарга сатышат.

Илим Карыпбековдун ырасташынча, чакан жамааты бар бул ишканадан киреше да түшпөйт, чыгаша да болбойт:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

​​- Булар өздөрүн өзү каржылайт. Рекламаны ачпайт. Биргелешкен келишимде рекламаны ачпоо тууралуу шарт жазылган. Булар ОРТны көрсөтүү боюнча кабелдик каналдарга лицензия сатып акча табат. Пайда ушул булактан түшөт. Ал акча ишкананын чакан жамаатынын айлыгын төлөгөнгө, дагы башка техникалык чыгымдарына жумшалат. Каражаттын калганы лицензия үчүн ОРТга төлөнөт. КТРКга андан бир тыйын түшпөйт.

Жергиликтүү телеканалдар "жеминен" айрылбайбы?

Буга чейин “Биринчи канал. Кыргызстан” ишканасындагы каржылык мыйзам бузуулар катталган. Үч жыл мурун Эсеп палатасы текшергенде каржылык мыйзам бузуунун айынан 2 миллион сом материалдык чыгым келтиришкени аныкталган. Текшерүүдө ишкананын эсепчиси кайсы бир банктын кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, салык жана башка төлөмдөр аркылуу түшө турган каражатты өзүнүн эсебине которуп турган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, бирок иш сотко жетпей, эч ким жоопко тартылган эмес.

Ал эми “РТР – Планета” каналынын берүүлөрүн таратуу укугу “Телерадиоберүүлөрдүн радиотехникалык борбору” деген ишканага таандык. Былтыр күздөн тарта аталган ишкана Москвадагы жаңылыктардын ордуна “Вести-Бишкек” деген ат менен жергиликтүү жаңылыктарды чыгара баштады. Жаңылыктар бир күндө төрт жолу чыгат. Биз “Вести-Бишкек” менен байланыштык, бирок кандай каржыланат, ким жетектейт деген суроолорубузга жооп алган жокпуз.

Орус телеканалдарына өзгөчө макам берүү демилгесине байланыштуу бир топ кооптонуу, доомат айтылып келет. Медиа тармагындагы ТМС ишканасынын жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков маселен, жергиликтүү медиа бизнеске тийгизген кесепетине токтолду:

- Эгерде Орусиянын контенти кире турган болсо, анда кетип жаткан рекламанын баары жабылышы керек. Себеби, кайсы бир дүйнөлүк марка өзүнүн товарынын рекламасын Москвадан берип жатса, ал Кыргызстанда да коюлса, компаниянын жергиликтүү өкүлчүлүгү бул жакта рекламага акчасын коротпойт. Кыргызстандын бюджетине акча түшпөй калат. Бизге киреше түшүшү үчүн орустардын контентиндеги рекламалык блоктун баары, түз рекламаларды да, кыйыр түрдө кеткен рекламанын баарын жабышы керек. Ошондо Кыргызстанда медиа бизнес кичине бутуна турат. Дүйнөлүк маркалар реклама үчүн бизге төлөй баштаганда мамлекетке каражат түшөт.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Орус телеканалдарына байланыштуу жагдай тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болгон эле. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев коом үчүн маанилүү маселе боюнча өкмөт чечим кабыл аларда парламенттин макулдугун алышы керектигин эскерткен:

- Коомчулукта, айрыкча интернеттеги социалдык тармактарда орус телеканалдарына өзгөчө макам берүү демилгеси катуу талкууланып жатат. Буга каршы чыккандар өтө көп. Өкмөт элден, Кыргызстандын булуң-бурчунан кайрылуулар келгенине байланыштуу ушундай макам беришибиз керек, деген жүйөнү айтып жатат. Бирок мен ага ишенбейм. Бизге ошол кайсы жерден канча кайрылуу кантип түшкөнү тууралуу маалыматтарды беришсин. Бул жалпы элге тиешелүү маселе. Булар өзгөчө макам алып социалдык пакетке киребиз деп жатпайбы. Келишимдин долбоорун карап көрсөңөр, буларга реклама колдонууга да мүмкүнчүлүк түзүлүп калат экен. Эгер аларга ири ишкерлер, ири компаниялар кетип калса, жергиликтүү медиага кыйын болуп калат. Өзүңөр билгендей, Кыргызстанда телеканалдардын акыбалы анча жакшы эмес. Азыр курал менен эмес, маалымат менен согушуп калган заман. Маалыматтык коопсуздугубузду чыңдай турган мезгилде, чет өлкөнүн каналдарына өзгөчө макам берип, төрүбүзгө өткөрүп, өзүбүздүн улуттук телеканалдардан да жогору коебуз дегенибиз өтө чоң ката.

Орус телеканалдарына өзгөчө макам берип-бербөө маселеси бир жаңсыл чечилбей жаткан шартта талкууга жем таштаган дагы бир жагдай чыкты. Интернетте социалдык тармактарда Ош шаардык мэриянын муниципалдык мекемелер, уюмдарды жана жогорку окуу жайларды “Российская газета” басылмасына жазылуусун эскерткен каты жарыяланып кетти. Анда баасы да көрсөтүлгөн, мисалы бир айга 262 сом 66 тыйын, үч айга 787 сом 98 тыйын, ал эми жарым жылга 1575 сом 96 тыйын төлөө керек деп айтылган.

Коомдо талкуу башталганда Ош мэриясы актанып билдирүү таратты. Анда эч кимди “Российская газетага” жазылсын деген кыйнап-кыстоо, таңуулоо жоктугу, гезиттерди таратып бергиле деген өтүнүчтү гана аткарып жатканы, буга чейин оозеки кайрылып келишкени, бул жолу маалымат катчы ооруп жатканда ушундай мазмундагы кат кокусунан жөнөтүлгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG