Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Gallup: Кыргызстанда Кремлдин таасири күч


Путиндин түз эфирдеги интервьюсун көрүп жаткан мигрант. Омск. 2014
Путиндин түз эфирдеги интервьюсун көрүп жаткан мигрант. Омск. 2014

Дүйнөлүк саясаттын оош-кыйышына анализ жасап келген Gallup компаниясы өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, Кыргызстанда элдин 79 пайызы Кремлдин саясатын колдойт деген тыянак чыгарды.

Gallup компаниясынын иликтөөсүндө Кыргызстан Орусиянын саясатын колдогон мамлекеттердин арасында Тажикстандан кийинки эле топ башына чыккан.

Иликтөөгө ылайык, кыргызстандыктардын 79 пайызы Кремлдин саясатын колдоору көрсөтүлгөн. Gallup уюмунун саясий багыттагы кезектеги изилдөөсүндө АКШ, Германия, Кытай, Орусия жетекчилеринин жана Европа биримдигинин иш-аракеттеринин таасири камтылган.

Сурамжылоо 135 өлкөдө жүргүзүлүп, анда негизинен жогорудагы беш таасирдүү держава башчылары алып барган саясатты колдоого аласызбы же жокпу деген негизги суроо коюлган.

Жыйынтыгында дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн эң көп колдоосуна АКШ (46%) жетекчилиги ээ болгон. Бул өлкө саясаты соңку эки жылдан бери 135 мамлекеттин жашоочуларынын жогорку колдоосуна ээ болуп келет. Ал эми Германия 41%, ЕБ 39%, Кытай 29%, Орусия 22% колдоо тапкан.

Изилдөөдө Кыргызстан тууралуу маалыматты Орусия жетекчилиги жүргүзгөн иш-аракетти эң көп колдогон мамлекеттердин катарынан табууга болот. Болгондо да кыргызстандыктар Тажикстан (93%) элинен кийинки эле орунду ээлеп, калктын 79% Путиндин саясатын колдоорун билдирген. Казакстан 72% менен төртүнчү орунда турса, Өзбекстан менен Беларус элинин 62% Кремлди колдоого алып, тогузунчу орунда турат.

“Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова Кремлдин саясаты кыргызстандыктарга масс-медиа, анын ичинде Орусиянын телеканалдарынын таасири астында жайылууда деген ойдо:

- Өлкө аймагында Кыргызстандын телекөрсөтүүсүнө караганда орусиялык медиа көбүрөөк жайылган. Учурда телени күйгүзсөң, эртеден кечке эле “Украинада фашисттер саясат жүргүздү, Орусия мындай жакшы ишти кылууда" деп кайталап жатат. Кечээ эле радиодон бир уктурууну угуп калдым, анда таптакыр саясатка тиешеси жок “Акча бакыт алып келеби?” деген темада талкуу жүрүп жаткан. Анан бирөө байланышка чыгып, “кудайга шүгүр, жакшы эле Орусияга жакын жайгашканбыз. Эгер АКШга жакын жашап калганыбызда алар бизди талкалап жок кылмак” деп айтып жатат. Бүгүнкү күндө интернет тегиз бардына жете электе телевидение чоң күч болуп турат. Кремл акырын медиасын жайылтып, өз ишин жүргүзүүдө.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Gallup уюмунун анализин туура көрсөткүч деп эсептейт. Ал кыргыз бийлигинин Орусияга болгон интеграциясын элдин көпчүлүгү колдоого алганын туура жол деп эсептейт.

- Иликтөө туура чыгыптыр. Мындай карасаңар, элибиз чыны менен Орусияны колдоп жатат. Орусиянын экономикалык чоң таасири бар, ошондой эле ЕАЭБге киргени жатканыбыз да таасир берүүдө. Жарандар Орусия менен жакындашуу жакшы натыйжаларды берип жатканын түшүнүп жатканынан кабар берет. Биздин мигранттар да акчаны, жумушту Орусиядан таап жатышат. Ушулардын баары Орусияны колдоого алып барат.

Медиа-эксперт Марат Токоевден кыргызстандыктардын Орусиянын саясатын колдоого алышы маалымат каражаттардын таасириненби деп сураганыбызда мындай жооп берди:

- Биз дүйнөнү каалайбызбы, каалабайбызбы көп учурда орусиялык булактардын көз карашы менен, алардын комментарий, талдоосу астында кабыл алабыз. Бир гана маалымат саясаты аркылуу таасир болуп жатат деген деле бир аз опурталдуу болуп калат. Бул жерде экономикалык да таасир бар. Ошол эле эмгек мигранттары Орусиядан таап жаткан каражатка көз каранды. Бул тилге да байланыштуу. Жок дегенде элибиздин үчтөн бири башка тилди мисалы, англисче же кытайча билгенде анда таасир башкача болмок.

Иликтөө дүйнөнүн 135 өлкөсүндө жашы 15тен жогорулар арасында жүргүзүлгөн.

Gallup иликтөө уюму мындай изилдөөсүн АКШда 70 жыл мурда баштаган. Адегенде АКШ президентинин ишин кандай баалайсыз жана президенттин негизи стратегиясын колдойсузбу деген иликтөө жүргүзгөн.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG