Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Илимдеги уурулук боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура "уурдалган илимий изилдөөлөрдү каржылады" деп Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирүүдө. Ал эми Илим департаменти бул айыптоого макул эмес.

Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылды.

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратуранын кызматкери Жаркынай Азиева тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары менен бөлүштү:

- Текшерүү учурунда 2015-жылдан 2018-жылдын май айына чейин аталган департаменттин М.А. жана Д.А. аттуу жооптуу адамдары тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн, мыйзам талаптарын бузуп, илимий-изилдөөчү иштерди бекитип, кийин алар өлкө бюджетинен каржыланган. Бул илимий эмгектерге мамлекеттик серепчилердин терс баа бергени эске алынган эмес. Жогорку аттестациялык комиссиянын корутундусуна караганда, 30дан ашуун илимий отчетто бирөөнүн эмгегинен уурдалган көрүнүштөр бекитилген чектен чыгып кеткен. Башкача айтканда алар чала бүткөн жана плагиат экени аныкталган. Мындан сырткары 2017-жылы тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн департаменттин жетекчилиги казынадан каржылануучу иштердин тизмесине 13 илимий-изилдөөчү ишти мыйзамсыз кошуп салган, - деди Жаркынай Азиева.

Башкы көзөмөл мекемеси кабарлагандай, уурдалган эмгектерди каржылоого 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн. Мындан сырткары ушул сыяктуу долбоорлорго аталган департамент дагы 17 жарым млн. сомду негизсиз бөлгөнү такталган.

Мындан улам Башкы прокуратура министрликтин Илим департаментинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 308-беренеси (“Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.

Ал эми Илим департаментинин жетекчилиги прокуратура койгон айыптар тууралуу толук маалыматы жок экенин билдирүүдө. Билим берүү жана илим министринин орун басары, сөз болуп жаткан департаменттин директору Абдыманап Муратов изилдөө иштеринде калпыстыктар кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Бирок анын пикиринде бул үчүн авторлор жооптуу:

Абдыманап Муратов.
Абдыманап Муратов.

- Бул жерде эч кандай мыйзамсыз нерсе жок. Ал жерде текшерип жатышканда балким керектүү кагаздары жок болуп калгандыр же башак себептери бардыр? Азырынча бизге прокуратуранын аныктамасы келе элек. Кайсы илимий иштерден айып табылган, авторлору кимдер экени тууралуу эч кандай маалымат ала элекпиз. Ошон үчүн азыр конкреттүү түрдө бир нерсе деп айта албайм. Эгер андайлар аныкталса изилдөө иштеринин авторлору жооп бериши керек. Бирок илимий иштер 46 кишиден турган эксперттик кеңештин, 16 адамдан турган илимий-техникалык кеңештин чечимдери менен кабыл алынат. Алардын чечимисиз бир да изилдөө кабыл алынбайт, бир тыйын да акча бөлүнбөйт. Ошондуктан аны бир-эки киши чечпейт.

Илим департаменти илим тармагын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү максатында 2015-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында түзүлгөн. Мекеме Кыргызстандын окуу жайларындагы окутуучулардын илимий иштерин жана илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоо аркылуу иш алып барат. Ал эми изилдөө темалары жана авторлор сынак аркылуу кабыл алынат.

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илим унутулган өлкөдө жылыш болбойт

Илимде реформа жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу керек деген максат коюлду.

Илимий изилдөөлөргө жети артыкчылыктуу багыттар – жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонуу, энергетика ресурстарын максаттуу пайдалануу, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат технологиялары, саламаттык жана адам өмүрүнүн сапаты, туризм жана транспорттук-логистикалык система, ошондой эле коомдук, гуманитардык илимдер боюнча долбоорлор кабыл алынат.

Илим департаментинин жетекчиси Абдыманап Муратов бул кызматты башкарууга 2017-жылы келгенин айтып, 2015-2016-жылдагы изилдөө иштери тууралуу маалымат менен бөлүшө алган жок:

- Былтыр 200 долбоор түшүп, анын 157си боюнча изилдөө иштери жүрүп, каржыланган. Быйыл болсо 298 долбоор түшүп, анын 122син каржылоо боюнча чечим кабыл алынган. Илим департаменти жылына мамлекеттен бөлүнгөн 120 млн. сомдой каражатты изилдөөнүн авторлоруна маяна катары төлөп берет. Бир изилдөө ишин жүргүзүүдө бир нече автор иштейт. Ошондо бир долбоорго 500-600 миң сомдой каражат берилет. Эгер изилдөө иштери плагиат деп аныкталган болсо, аны биз сотко берип, ошол акчаны кайтарып алышыбыз керек болот.

Азырынча Илим департаментине келген илимий иштердин кайсынысы уурдалганы жана кайсынысы мыйзамсыз деп табылганы белгисиз. Башкы прокуратура экспертизасына таянган Жогорку аттестациялык комиссиянын жетекчилигинен жана адистеринен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Маалым болгондой, буга чейин Кыргызстанда илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактыларын аныктоо боюнча “Анти-Плагиат” системасы ишке кирген. Бирок ага карабай уурулук аркылуу илимий иш жазгандар азая элек.

Жогорку аттестациялык комиссиянын мурдагы мүчөсү, академик Абдыганы Эркебаев илимий изилдөө иштеринде плагиат өнөкөт болуп калганын сынга алды:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Илимий изилдөө иштеринде плагиат Советтер Союзунун убагында эле бир аз бар болчу. Бирок эгемендик алгандан бери бизде бул көрүнүш абдан күчөп кетти. Биринчиден, Москванын көзөмөлү жок, экинчиден, тууганчылдык, тааныш-билиш, жек-жааттык күчөп кеткени да ушуга алып келди. Тыйын-тыпырга деле жазып бергендер көп, анан Интернеттен көчүрүп алып жатышат. “Анти-Плагиат” программасы ишке киргенине карабай, ушундай уурулук чыгып калып жатышат. Эми Илим департаментинен ошентип чыгып жатканы өтө эле уят иш. Илимге болбогон тыйын бөлүнөт, ошону да туура эмес иштетип жатышса - анда өкүнүчтүү. Муну чындап токтотуш үчүн адегенде адамдын өзүндө абийир болушу керек. Экинчиден, консультант-жетекчилер, окумуштуулар кеңеши уяттуу болушу керек эле, демек ошолордун да жоопкерчилиги каралышы керек. Акыркы инстанция - Жогорку аттестациялык комиссия карап, плагиатка жол бербей, аныктап калышы керек эле. Ошон үчүн түзүлгөн да, ал орган. Тилекке каршы, ал комиссияда да адам фактору кетип жатат окшойт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дөй кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ага карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800гө жетип, кандидаттар үч миңден ашкан.

Жарандык активист Айбек Таалайбек уулу учурда мамлекеттик кызматта иштеген аткаминерлердин арасында да ар кандай жолдор менен илим жактап аткандар бар экенин эскертти:

Айбек Таалайбек уулу.
Айбек Таалайбек уулу.

- Албетте, чындап мээнети менен, он жылдап маңдай тер төгүп, илим жактагандар да бар. Бирок ошол эле учурда бир айдын ичинде, керек болсо эртең менен баштап, кечинде илимдин кандидаты болуп калгандар да бар. Андайлар көп. Илимий наамды көпчүлүгү жөн эле бир аброй катары көрүп жатышат. Ошон үчүн билген-билбегени, татыктуу-татыксызы деле илим жактап жатышат. Айрыкча аткаминерлер арасында бирөөгө жаздырып, акчасын төлөп илимий наам алып жаткандар арбын. Ошондуктан буга кескин чара көрүп, бууш керек. Азыр мына коррупцияга каршы күрөш өнөктүгү башталган учурда, ушул тармак да унутта калбашы керек.

Башкы прокуратура Илим департаменти өткөргөн сынак жана тандоо иштерине бул департаменттин кызмат адамдары өздөрү жана алардын жакын туугандары катышкан учурлар да болгонун аныктаган. Бул факты боюнча көзөмөл органы өкмөткө мыйзам бузууну жоюу жана Илим департаментинин жетекчисинин кызматына туура келер-келбесин карап чыгуу тууралуу сунуштама жөнөткөн.

"Азаттык+": Аксаган илим каражатка муктаж

"Азаттык+": Аксаган илим каражатка муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:28 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG