Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

COVID-19: Кыргызстандын бардык аймактары жашыл зонада


Коронавирус боюнча өзгөчө абал 1-ноябрда алынды.
Коронавирус боюнча өзгөчө абал 1-ноябрда алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кабарлагандай, 21-27-ноябрда коронавирус инфекциясын 19 киши жуктурганы маалым болду.

Вирусту жуктургандардын бешөө ооруканага жатып, 14ү үйүнөн дарыланууда.
Азыркы тапта өлкөнүн бардык облустары жашыл зонада, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

2022-жылдын 10 айында өлкөдө 21 783 киши коронавируска кабылган.
Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынган.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG