Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы: "Адилет" клиникасы мыйзам бузулду деп эсептейт


Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Адилет” укуктук клиникасы иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу маселени талдап чыгып, жазалоонун мындай чарасы чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга карата гана колдонуларын эскертти.

Клиниканын 28-ноябрда жарыяланган талдоосунда Темировдун соттук ишинде анын жарандыгы тууралуу маселе каралбаганы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бала ушул жерде төрөлүп, ата-энеси кыргыз жараны болгондуктан ал өзү да кыргызстандык деп эсептелинери белгиленди.

Өлкөнүн Баш мыйзамы ар бир адамга укугун сот аркылуу коргоого кепилдик берери, бирок сот залынан кармалып, өкүм жарыяланар замат өлкөдөн чыгарылышы Темировдун конституциялык укугун чектөө болгону айтылды.

Коррупцияны иликтеген журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG