Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды


Канатбек Абдрахматов.
Канатбек Абдрахматов.

Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды. Жетекчини шайлоо бүгүн, 28-ноябрда өтүп, анда жалгыз талапкер - Абдрахматовдун талапкерлиги добушка коюлган.

Мекемеге жетекчи беш жылга шайланат, буга чейинки президент Муратбек Жуматаевдин беш жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жаңы жетекчини шайлоо өттү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан маалымдашты.

69 жаштагы Канатбек Абдрахматов буга чейин академиянын Сейсмология институтунун директору болгон. Кийин 15-ноябрда өкмөттүн буйругу менен президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме 1950-жылдары негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG