Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Казакстандын Экибастуз шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Экибастуз шаарындагы жылуулук түйүндөрүн оңдоо учуру. 28-ноябрь, 2022-жыл.
Экибастуз шаарындагы жылуулук түйүндөрүн оңдоо учуру. 28-ноябрь, 2022-жыл.

Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарында жергиликтүү жылуулук электр борборунун отказаны токтоп калып (ЖЭБ), өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы аталган шаардын бийлигине таянуу менен кабарлады.

Режим оңдоо иштери толук аяктаганга чейин уланат. Система калыбына келтирилгенге чейин бала бакчалар жабылат, мектептер аралыктан иштөөгө өтөт.

ЖЭБдеги отказандардын бири 27-ноябрга караган түнү түтүк жарылганы үчүн жарактан чыккан. Андан соң суу таратуу күч келип, дагы үч агрегат бузулган. Павлодар облусунун акими Абылкаир Скаков жылуулук түйүнүндө чоң жыртыктар аныкталганын билдирип, ири авария болушу мүмкүндүгүн кыйыткан.

28-ноябрга караган түнү алгач шаардагы көп кабаттуу 17 үй, 5 социалдык объект жана 21 юридикалык объект жылуулуксуз калган. Акыркы маалыматтарга ылайык, кеминде 130 көп кабаттуу турак жай жылуулуксуз олтурат.

Жергиликтүү тургундар үйлөр суук болуп, калың кийимдерге жана жууркан-төшөктөр менен жылууланып жатканын кабарлашууда. Шаардык бийлик жана жылуулук борборун иштеткен компания “колдон келген нерсени жасап жатканын” кабарлады.

Казакстандын түндүк жагында жайгашкан Экибастуз шаарында 150 миңдей калк жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG