Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Айдарбеков ден соолугунан улам парламент жыйындарына катышпайт


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга катыша албай турганын "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына 28-ноябрда жазды.

"Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидеринин атына расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз".

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев жекшембиге оогон түнү Казакстанга чыгып баратканда чек арадагы өткөрмө бекеттен кармалып, бир нече убакыттан кийин кайра бошотулганы белгилүү болгон.

Депутат Элвира Сурабалдиева Чыңгыз Айдарбеков чек арадан Казакстанга өтүп кеткенин, андан кийин аны менен байланыша албай жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Парламенттеги "Альянс" фракциясынын мүчөлөрү Жамгырчиев менен Айдарбеков чек арадагы окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Эки эл өкүлү Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкан мыйзам долбооруна "каршы" добуш берген 19 депутаттын катарында. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада парламентте сүйлөгөндө оор кылмыштарга шектелип жаткан депутаттар бар экенин эскертип, алардын ысымдарын атаган эмес. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG