Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

Зеленский Орусия Украинанын энерго объектилерине сокку урарын эскертти


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жакын арада жасачу чабуулдарына болжол жасап, алар энергетикалык объектилерине дагы сокку урарын эскертти. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда билдирди.

“Биз террорчулар дагы жаңы соккуларга даярданып жатканын түшүнүп турабыз. Биз муну жакшы билебиз. Тилекке каршы, алар ракеталары түгөнгөнгө чейин тынчышпайт. Бирок биз бири-бирибизге, өзгөчө кары-картаңдарда, балалуу үй-бүлөлөргө, үй-жайсыз калгандарга кам көрөбүз жана жардамдашабыз. Биз ошол нерсебиз менен террорго каршы турабыз”.

Зеленский удаа соккуларга карабай Украинанын тиешелүү мекемелеринин кызматкерлери калкты электр энергиясы, жылуулук, суу, байланыш жана башка нерселер менен камсыздоого тынымсыз аракет кылып жатканын кошумчалады.

Киевдин мэри Виталий Кличко соккулардан улам борбордун энергетикалык системалары көп талкаланганын, калыбына келтирүү иштери оор болуп жатканын соңку билдирүүсүндө кайталады. Ал калаада жарык өчүрүүлөр жазга чейин уланарын белгиледи.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерди бутага алууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 50% талкаланды.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG