Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Бишкекте “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясы өттү


 “Зомбулуксуз жашоо” деп аталган акциянын катышуучулары. Бишкек. 28-ноябрь, 2022-жыл.
“Зомбулуксуз жашоо” деп аталган акциянын катышуучулары. Бишкек. 28-ноябрь, 2022-жыл.

Акция Ички иштер министрлигинин (ИИМ) демилгеси менен жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында өттү. Иш-чарага министрликтин жетекчилери, тийиштүү кызматкерлери, Балдар омбудсмени жана шаардагы мектептердин окуучулары катышты.

Акция учурунда ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери күжүрмөн самбо жана өзүн-өзү коргоо боюнча көнүгүүлөрдү көрсөтүштү. Ал эми мектеп окуучулары “Мектеп рекети”, “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук”, “Эрте никеге туруу” темасында театралдаштырылган оюндарды жана концерттик программа тартуулашты.

Иш-чара Эл аралык толеранттуулук фондунун, БУУнун Баңгизаттар жана
кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосунда уюштурулган.

25-ноябрдан бери Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү балдарга тиешелүү. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG