Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Дарыгерлер Саакашвилини сотко алып барууга уруксат берген жок


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өзүнүн иши боюнча дүйшөмбү күнкү соттук отурумга катыша алган жок. Буга саясатчы дарыланып жаткан Vivamedi клиникасынын дарыгерлери экс-президентти Тбилиси шаардык сотуна жеткирүүгө тыюу салганы себеп болду.

Сотко катышууга каалоосун грузин мамлекетинин мурдагы башчысы өзү билдирген болчу. Ал сотко алып келинет деп күтүлүп жаткан. Саясатчыны карап жаткан дарыгер өз чечимин кардарынын саламаттыгы начарлап кетсе, өзү жоопкерчилик ала албай турганы менен түшүндүргөн.

Экс-президенттин адвокаттары Шавла Хачапуридзе менен Валерий Гелбахиани дүйшөмбү күнү журналисттерге Саакашвилинин организминен өлүмгө алып келчү уу табылганын билдиришти. Адвокаттар саясатчы ууландырылганын белгилешип, анын өмүрүн сактап калуунун жалгыз жолу европалык клиникага которуу экенин айтышкан.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде алты жылга сыртынан соттолгон. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Бул дооматтарды да ал четке кагып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG