Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Нарында жер силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-ноябда саат 19:02де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак, айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалыматтарга караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG