Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Орусиялык оппозиционерге эл аралык уюмдун сыйлыгы берилди


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Ушул тапта абакта жаткан орус оппозиционери, саясатчы Владимир Кара-Мурза Германиядагы Axel Springer Stiftung фондунун сыйлыгынын лауреаты болду. Bild басылмасы жазгандай, сыйлыкты анын ордуна жубайы Евгения алды. Оппозиционер өзү ыраазычылык катын адвокаттарынан берип жиберди.

Axel Springer Stiftung кайрымдуулук фонду Берлинде жайгашкан. Фонд өткөн кылымда жашаган белгилүү немис жазуучусу Аксел Шпрингердин атынан аталган. Шпрингер жалпы дүйнөдөгү эркин журналисттерди, публицисттерди жана коомдук ишмерлерди колдоп турган.

Владимир Кара-Мурза быйыл апрелде кармалып, камакка алынган. Ага орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратуу жана мамлекетке чыккынчылык кылуу айыптары тагылган.

Орусиянын Юстиция министрлиги аны "чет элдик агент" деп тааныган.

Владимир Кара-Мурзага быйыл октябрда адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG