Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Мадридде Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселе козголду


Кадыр Атамбаев Социал-демократиялык партиялардын жыйынында. Мадрид. Ноябрь, 2022.
Кадыр Атамбаев Социал-демократиялык партиялардын жыйынында. Мадрид. Ноябрь, 2022.

Социал-демократиялык партиялардын Мадрид шаарында өткөн эл аралык жыйынында дүйнөдөгү 90 партия жана алты эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилигине кайрылуу жасашты.

Алар Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жапырт камалгандарды токтоосуз бошотууга жана "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп", "Темиров Лайв" маалымат каражаттарынын ишине басымды токтотууга чакырышкан.

Бул тууралуу жыйынга катышкан Кыргызстандын "Социал-демократтар" партиясы билдирди.

Кайрылууда учурда абакта жаткан өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгына кабатырлануусун билдиришип, ага токтоосуз операция жасалышы керектигине карабай, түрмөдө жатканына көңүл бурушкан.

Социал-демократиялык партиялардын дүйнөлүк жыйынына "Социал-демократтар" партиясынын лидери, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев катышып, сөз сүйлөдү.

2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы президентке Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция, Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат.

"Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирүүдө.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG