Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Ош шаарынын мэри алмашты


Алмаз Мамбетов
Алмаз Мамбетов

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрлигинен бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Мэр алмашуу президент Садыр Жапаровдун эки жарлыгына ылайык ишке ашты. Бул маалымат президенттин сайтына бүгүн, 29-ноябрда жарыяланды.

46 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарына былтыр 26-августта мэр болуп шайланган. Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 43ү макулдугун берген.

Мамбетов ага чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалган. 2021-жылы 23-декабрда бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG