Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Улуттук жазуучулар союзу карызынан кутулуу үчүн марафон өткөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу 9-декабрда марафон өткөрөт.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтө турганы аталган союздун сайтына жазылды. Маалыматка ылайык, марафондон түшкөн каражаттар Жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо, улуттук адабиятты колдоо үчүн багытталат.

Мындан тышкары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаментине” 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1 млн. 457 071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөөгө жумшалат.

Кыргызстандын Жазуучулар союзу 1934-жылы уюшулган. 2004-жылы "Улуттук" макамга ээ болгон.

Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG