Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

"Темировдун депортацияcы советтик доорду эске салат"


Журналист Болот Темиров профессор Стив Свердлов менен. Бишкек, 18-май 2022-жыл
Журналист Болот Темиров профессор Стив Свердлов менен. Бишкек, 18-май 2022-жыл

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун депортациясы эл аралык нормаларды бузат. Мындай жаза советтик доорду эске салат. АКШдагы Түштүк Калифорния университетинде эл аралык укук боюнча дарс окуган профессор Стив Свердлов менен маекти сунуштайбыз.

Болот Темиров калифорниялык студенттер менен. Бишкек, май 2022-жыл
Болот Темиров калифорниялык студенттер менен. Бишкек, май 2022-жыл

Буга чейин алты жыл Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесин жетектеген Свердлов быйыл май айында студенттери менен Бишкекте Болот Темировго жолугуп, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, журналисттик иликтөөлөрдүн маани-маңызын талкуулашканын айтат.

- Болот Темировдун депортациясына сиздин реакцияңыз кандай болду?

- Эркин, бийликти ачык сындап жүргөн журналист Болот Темиров Орусияга депортация болгон күн Кыргызстанда адам укуктарына көлөкө түшүргөн эң караңгы дата болуп калды деп ойлойм.

Бул экстремалдуу кадам кайдыгер калтырбайт. Өкүм көптөгөн процессуалдык нормаларды, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексин бузуу менен чыгарылган. Акыркы жылы көптөгөн укук коргоочу уюмдар, институттар, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялар андай жаза кабыл алынгыс экенин айтып келишкен. Ушунча көп сын айтылганы менен бийликтин мындай кадамга барышы бизди таң калтырып, нес кылды.

Орусиядагы азыркы кырдаалды эске алганда Болоттун депортациясы өзгөчө камтама жаратат.

Бийлик анын кыргыз паспортун жасалма деп айтканы менен, биздин маалыматта орус паспорту анын жанында болбоптур. Укуктук нормалар толугу менен көз жаздымда калганына күбө болдук.

Темировду Орусияга киргенде жаралчу ыктымал көйгөйлөрдөн коргоо үчүн чара көрүлгөн эмес.

Ал өлкө адам укуктары жаатында чоң кризисти башынан кечирүүдө. Жарандар, айрыкча журналисттер Орусиядан качып жатканы сыр эмес. Менимче, Темировдун депортациясы саясатташкан жазадай көрүнөт. Аны тобокелге барууга мажбурлап жатышат, Орусияда журналистти эмне күтүп жатканын, торго түшүрүүнүн кандай жолун камдап жатканын биз билбейбиз. Эл аралык мыйзамдар жөн эле жарандыктан ажыратууга, мекенинен күч менен чыгарып салууга жол бербейт.

- Мындай жазага сиз практикаңызда күбө болгонсузбу?

- Биринчиден, белгилей кетчү жагдай, жаранды өз өлкөсүнөн күчтөп чыгаруу саясий жана жарандык укуктар тууралуу эл аралык келишимди одоно бузат.

Эл аралык укуктагы эң маанилүү инструмент деп эсептелген ал документке Кыргызстан бир топ жыл мурда кол койгон. Кыргызстанда мындайга күбө болгон эмеспиз, бул адаттан тыш окуя. Бийликти сындагандарды чыгарып жиберүү практикасы чынында эле советтик доорду эске салат.

Мисалы, Людмила Алексеева диссидент болчу. СССРдеги, Орусиядагы эң эски укук коргоо уюмун - Москванын Хельсинки тобун негиздеген. Ал өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. Александр Солженицындин иши эске түшөт. Жазуучуну да мекенинен чыгарып жиберишкен. Советтик доордо бийликти сындагандарга ушундай чара көп эле колдонулчу.

Болот Темиров жогорку аткаминерлердин коррупциялык иштерин ашкерелеп келген. Укук коргоочулардын, жарандык коомдун саламаттыгы чоңдорго кошомат айтуу менен эмес, бийликтегилердин ошол сынды кабыл алып, кубаттоо жөндөмү менен аныкталат.

Бийлик Темировдун журналисттик иликтөөлөрүнө кандай мамиле кылбасын, сөз эркиндиги урматталган коом түзүү - өзгөчө бир баалуулук.

Темировдун депортациясы жөн гана шок эмес, бардык журналисттерге, укук коргоочуларга, активисттерге сигнал болуп калды. Бир сызыктан, чектен чыксаңар, көп нерседен ажырап каласыңар деген ишарат болду деп ойлойм.

Укук коргоочулар Темировго жакындары менен коштошуп, оокатын алууга мүмкүнчүлүк берилбегенине көңүл бурушат. Бир нече саат анын кайда экени беймаалым болуп келди. Мунун бардыгы мыйзамдын, Конституциянын сакталбаганынан кабар берет. Албетте мындай иштер эл аралык уюмдарды тынчсыздандырат. Кыргызстандын активдүү, ар түрдүү жарандык коому ажайып өлкөнүн маанилүү элементи. Болот Темировдун иши ошол картинаны терс жагына өзгөртүүдө.

- Журналисттик иликтөөлөр эмне үчүн маанилүү?

- Болот Темиров жасаган журналисттик иликтөөлөр канчалык маанилүү экени айтпаса да белгилүү. Журналисттер ар дайым кимдир бирөөгө жагам деген максат койбошу керек. Журналисттин кылган иши бийликтегилерге жакса, бул оң көрүнүш эмес, муну алкыш катары кабыл албаш керек. Бул, тескерисинче, анча жакшы жышаан эмес. Бийлик менен журналисттер ортосунда дайыма кандайдыр бир чыңалуу сакталууга тийиш. Бул журналисттик ишке таандык нормалдуу көрүнүш, бийлик андайга көнүшү керек. Болот Темиров менимче, өз кесибин, өзүнүн ролун жакшы түшүнөт. Анын жана командасынын иликтөөлөрү Кыргызстандын жогорку аткаминерлерине тиешелүү талуу маселелерди козгогону табигый көрүнүш болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG