Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

"Темировдун депортациясы - иликтөөлөрү үчүн өч алуу". Эл аралык реакция


Журналист Болот Темировдун сотунда. 2022-жылдын 22-сентябры. Архивдик сүрөт
Журналист Болот Темировдун сотунда. 2022-жылдын 22-сентябры. Архивдик сүрөт

Эл аралык медиа жана адам укуктарын коргогон уюмдар, бир катар Батыш мамлекеттери иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети" "кыргыз бийлиги көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктап, ишине тоскоолдук жаратууну токтотушу керектигин" эскертти.

"Кыргызстандын жараны, Борбор Азиядагы коррупцияга каршы эң алдыңкы иликтөөчү журналисттин депортация болушу - бул анын Орусияда мобилизация болуп жаткан маалда өмүрүн коркунучка кептеген, акылга сыйгыс, жоопкерчиликсиз жана өч алуу кадамы", - деп билдирди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Соттун чечими өч алуу болушу мүмкүн деген камтамасын БУУнун Адам укуктарын коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор да билдирди.

Анын алдында "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттин укугун коргоого үндөгөн.

“Президент Садыр Жапаров бийликтин чуулгандуу иштерин иликтегендиги үчүн эле журналистти өлкөдөн чыгарып салуу болбойт дегенди түшүнүшү керек. Темиров жылдардан бери коррупция, башка мыйзамсыз иштерге байланышкан иликтөөлөрдү жүргүзүп, кыргыз эли үчүн абдан пайдалуу иш жасап келет. "Чек арасыз кабарчылар" уюму анын куугунтукталышын журналисттик ишмердигине гана байланыштырат”, - деп айткан “Азаттыкка” курган маегинде уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун жетекчиси Жанн Кавелье.

Парижде орун алган уюмдун быйылкы сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлер арасында Болот Темировдун да ысымы аталган.

Human Rights Watch уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ, Балкан жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уилямсон сот чечимин жокко чыгарууга чакырды.

Ошол эле күнү кечинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү жасады.

"Журналисттерди өз ишин кылганы үчүн эч качан жазалабаш керек. Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү. Сөз эркиндигин муунтуу аракети өлкөнүн аброюна шек келтирүүдө".

Ага чейин Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү журналистке чыккан чечим сөз эркиндиги жана иликтөөчү журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп жазган.

"Биз кыргыз бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз".

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттерге буга үндөш билдирүү тараткан.

"Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек, сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгон, бул укуктар сакталууга тийиш".

Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү Британиянын, Франциянын элчиликтери да таратышты.

Мындан тышкары чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналисттер, активисттер жана саясат талдоочулар да Темировдун депортация болушуна байланыштуу өз реакциясын билдирип келет.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун (OCCRP) редактору Илья Лозовский сентябрда Темировдун көпчүлүк айыптар боюнча акталганын, дооматтар журналисттик иши үчүн өч алууга окшогонун жазды.

Ал ошондой эле Темировдун кесиптештери анын Украинадагы согушка мобилизациянышы ыктымал деген тынчсыздануусун билдирип жатканын белгилеген.

Лозовский андан тышкары журналист жана анын командасы кантип куугунтукталып келатканын, жеке жашоосуна тиешелүү видеолорду чыгаруу өңдүү жийиркеничтүү кампания кантип жүргөнүн иликтеген OCCRPнин январда жана июлда жарыяланган материалдары менен бөлүштү.

Ошондой эле "бир кездери Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө деп эсептелип келген Кыргызстандын азыркы бийлиги барган сайын ачык- айкындуулуктан тайып баратканын" иликтеген анализди чыгарды.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин (Norwegian Helsinki Committee) саясий кеңешчиси Ивар Дале: “ Болот Темиров эмне болсо, ал үчүн анын мекени Кыргызстан жооптуу болот. Ал Кыргызстанда туулуп-өскөн, Кыргызстанда иштеп, жашаган. Ал кыргызча сүйлөйт. Улутту кыргыз. Ушундай мезгилде мекендешин Орусияга кантип жөнөтүшөт?”, – деп Твиттерге жазды.

Укук коргоочу дагы бир постунда “Европа парламенти Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп тааныгандан бир нече саат өтүп-өтпөй кыргыз өкмөтү журналист Темировду жазалоо иретинде ал өлкөгө чыгарууну чечкенине” көңүл бурат.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) Темировдун депортациясын айыптап, муну журналисттен өч алуунун уюшулган өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп атады.

“Чечим жокко чыгарылып, Темировго кайтып келип, журналисттик ишин улантууга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”.

Борбор Азия боюнча талдоочу, Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур УмаровКыргызстандын саясий режими эркин журналистикага сес көрсөтүү үчүн экзотикалык амалдарга барып жатат” деген оюн жазды.

Стокгольмдо иш алып барган “Жарандык укукту коргоочулар” уюмунун өкүлү Музаффар Сулейманов иликтөөчү журналисттин Москвага кетирилишин анын ишмердиги үчүн өч алуу деп сыпаттады.

“Маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга болуп жаткан акыркы чабуулдар кыргыз өкмөтүнүн диктатурага ооп баратканын көргөзөт”.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун дагы бир редактору Обри Белфорд “авторитаризмге ооп бараткан Жапаровдун бийлиги тушундагы окуялар кыжалат кыларын” жазды.

“Иликтөөчү журналист Болот Темиров жарандыктан ажыратылып, Орусияга депортация болду. Анын атайын кызматтын башчысынын үй-бүлөсүнө таандык бизнес тууралуу материалы катуу куугунтукка алып келди”.

Белфорддун испаниялык кесиптеши Антонио Бакеро Кыргызстан бийлиги “эркин журналистке каршы репрессияларды улантканын” айтып, Европа комиссиясын жана шаркеттин тышкы иштерди тескеген Жозеп Борреллди бул көрүнүштү айыптоого чакырды.

Америкалык журналист Мэтью Купфер Темировдун депортациясын саясий иш деп мүнздөп, ага “Орусия активдүү катышкан болушу мүмкүн” деген күмөн саноосу менен бөлүштү.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарып, милиция кызматкерлери аны залдан сүйрөп алып кеткен. Ошол эле күнү кечинде күч менен Бишкектен Москвага күч менен жеткирилген.

Журналист сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча чечимди сот чыгарганын, ага чейин Ички иштер министрлиги тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жок экенин айтты.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: “Сөз эркиндиги - көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат", - деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG