Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

#REАКЦИЯ. Сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш (видео)


Жөө жүрүшкө чыккандар. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Жөө жүрүшкө чыккандар. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү.

Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу жана камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу экенин билдиришти.

Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап, Чүй проспектиси менен Улуттук филармонияга чейин жөө барууну, акцияны ошол жактагы Журналисттер аллеясынан жыйынтыктоону көздөп жатышканын модератор Касиет Мамырбай билдирди.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Али Токтакунов:

"Болот Темировго окшогондор жүз миңдеп саналат. Анткени ал бала чагында ата-энеси менен ошол жакка барып, ошол жактын паспортун алууга аргасыз болгон. Кечээ ушул акция болот деп жазсам, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов "мен да барсам болобу?" деп жазыптыр. Мен бул жерде ал кишини табалагым келбейт. Сөз эркиндиги баарыбызга керек. Азыр бийликте тургандар да бир кезде эл арасында болот. Ошондо Мурат Суталиновдой болуп жардамга муктаж болот. Ошол күнгө жеткирбей адилеттүүлүктү сындыра турган болсо анда коом боло албайбыз. Биз УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиевди сыйлайбыз, бирок эмнеге андан коркушубуз керек? Ал киши бизден коркууну талап кылып жатат. Ачык коом, журналисттер коомдогу индикаторлор. Бийлик сөз эркиндигин бууса, коом ичинен быкшып, бир күнү кандайдыр бир жарылууга алып келет. Биз бул жерге чындыкты айтуу мүмкүнчүлүгүбүздү коргоо үчүн келдик".

Али Токтакунов бийлик өкүлдөрүн коррупцияны иликтеген журналисттер менен жолугууга чакырды.

“Өлкөдөн чыгарып жибереби, камайбы, башка кылабы биздин иликтөөлөр уланат. Анткени журналисттердин иши коомдун санитары. Мен буга чейин сунуштагам, азыр дагы сунуштайм. Бийлик иликтөө жасаган журналисттерди үч ай сайын кабыл алып, жасаган материалдарды айтып беригиле десе, жакшы болмок. Анткени биз бийликтин тарапташы дагы эмес, оппозиция дагы эмес болгону чындыкты айткан бейтарап адамдарбыз”, - деди Токтакунов.

Жүрүшкө чыккандар "Эркиндик", "Азаттыкка азаттык", "Куугунтук токтосун", "Болот курчуйт, таш сынат!", "Тил кесмей жок" деп кыйкырып жолун улашты.

Бишкектеги“Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги“Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Жөө жүрүш башталардын алдында бетин жапкан жоон топ адамдар келип, акциянын катышуучуларына тийишти.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын жолун милиция кызматкерлери тосуп, Ак үйдүн алдына жана элдик курултай өтүп жаткан филармонияга барууга болбосун эскертти. Учурда катышуучулар Горький гүлбагын көздөй бет алды.

Жөө жүрүштүн катышуучулары Горький гүлбагында Гимнди ырдашып, Кыргызстандан мыйзамсыз депортация болгон журналист Болот Темировду бүгүнкү туулган күнү менен куттукташты.

Жакын арада сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып калышы мүмкүн экенин эскертишип, кыргыз жарандарын кайдыгер болбоого чакырышты.

Уюштуруучулардын бири, журналист Азият Жекшеев бүгүнкү жүрүш жарандык укукту коргоо үчүн уюштурулганын, кеминде миңдей адам чогулганын айтты:

"Кыргызстандын жаранын сын айтканы үчүн атуулдугунан ажыратып, сыртка чыгарып жиберишти. Бул Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетирчү коркунуч. Биз Болот Темировду бошотууну талап кылабыз. Кемпир-Абад боюнча камалып жаткандарды да эркиндикке чыгарууну, "Азаттыкка" кысымды токтотууну да талап кылдык. Андан тышкары сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзамдар кабыл алынганы жатыптыр. Аны да токтотууну талап кылабыз. Бүгүн токтотпосок, эртең кеч болуп бат эле Түркмөнстанга айланабыз. Кыргызстандын тарыхында мыйзамсыздык аракеттери эч качан колдоо тапкан эмес. Бүгүн миң киши чогулса, эртең 7 миң киши чогулушу мүмкүн дегендей".

Жөө жүрүшкө чыккандар. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Жөө жүрүшкө чыккандар. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Ош шаарында дагы сөз эркиндигин колдогон акция өттү. Ага отуздай журналист, блогер жана жарандык активисттер катышты. Чогулгандар "сөз эркиндигине басымды токтоткула", "көз карандысыз медиаларды кысымга алганды токтоткула" деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

Мындан сырткары алар Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду кайтарып келүү талабын коюп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Ош шаарындагы сөз эркиндигин колдогон акция. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Ош шаарындагы сөз эркиндигин колдогон акция. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына жөө жүрүштөн көп өтпөй анын катышуучуларын сындаган билдирүү калтырды.

"Өлкө сөзсүз бай, мээримдүү, тынч жана сезимтал болот. Кечээ эле ар кандай каналдарда иштеп, бүгүн өзүн элдин абийири деп ойлоп алган кубулма жүздүүлөрдүн тоскоолдугуна карабай. Бирок бул жерде башка нерсе маанилүү. Керек болсо биз баарыбыз кыялданган келечеги кең Кыргызстанда да журналисттик иликтөөлөр үчүн тема табылат. Өтө эле аңкоо болбогула. Коомчулук жана мамлекет ортосунда атайын чектен өтпөгөн түбөлүк талаш боло берет. Силер иликтөөлөрү жок өлкөнү кайдан көрүп жатасыңар? Адам кайда жашабасын көйгөй чыга берет. Иллюзиядан арылгыла. Өзүн Дон Кихот (испан жазуучусу Мигель де Сервантестин каарманы-ред.) сезип алгандар "зоотуңарды" чечкиле. Жел тегирмен менен күрөшүүнү токтоткула. Конфронтация издебей, келгиле өлкөнү бирге куралы!", - деп жазды Эдил Байсалов.

Ага чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элдик курултайда өлкөдөгү оппозицияны сынга алган.

Бишкек шаардык соту Темировдун ишин 23-ноябрда карап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарып, ошол эле күнү күч кызматкерлеринин коштоосунда Москва шаарына күч менен жеткирилген.

Бул боюнча бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат.

"Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат.

Ири эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG