Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Каржы пирамидасын жарнама кылууга кылмыш жазасы сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Кыргызстанда каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбооруна келтирилген жүйөдө "атуулдардын көпчүлүгү каржылык жана юридикалык сабаты жок болгондуктан, атактуу адамдардын жарнамасына ишенип, каржы пирамидаларына акча салганы" айтылат.

"Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизип, блогерлер, жарандык активисттер жана коомдогу белгилүү адамдарды кайсы бир товарды жарнамалоодо эгер кылмыш жоопкерчилиги болсо, этияттык менен мамиле кылуусун камсыздайбыз", - деген мыйзамдын автору.

Каржы пирамидасын жарнамалоого 20-25 ченемдик көрсөткүчтө айып пул же 3-5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жазык кодексинин 214-беренеси боюнча каржы пирамидасын уюштургандар беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажырап, 140-180 миң сом айып пул төлөйт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын тогуз айында каржы пирамидасын уюштуруу боюнча 700 кылмыш иши ачылган. 2020-2021-жылдары 2 311 сотко чейинки териштирүү болуп, 3 290 киши арызданган. Каржы пирамидасынан жабыркагандардын болжолдуу чыгымы 311 миллион сом болгону айтылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG