Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

Мирзохалим Каримов - эки элдин данакер жазуучусу


Мирзохалим Каримов

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Кара-Тегинден чыккан алгачкы жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгы менен биринчи жолку тааныштыгым өткөн кылымдын 80-жылдары болгон эле. 7-8-класстарда окуп калгандыктан, адабиятка кызыгуум күчөп, ошол кезде Кыргызстанда жыл сайын чыгып турчу көркөм-адабий гезит-журналдар "Кыргызстан маданияты" менен "Ала-Тоого" жазылчумун. Мага айрыкча ырлар менен аңгемелер, көлөмү чагыраак повесттер жакчу. Ал эми журналдын жарым бетин ээлеген олчойгон романдарды окуганга анча батына берчү эмесмин.

Мындан тышкары, өзүм окуган №33 Мөк сегиз жылдык мектептин китепканасындагы китептерден да байма-бай алып окуп турчумун.

Менин дагы бир адатым, кимдин үйүндө китеп көрсөм дароо жабышып, алмайынча кетчү эмесмин. Китеп мен үчүн чоң дөөлөт, ажайып дүйнө, чексиз аалам эле. Кайсы бир заманда адамзат ойлоп тапкан бул улуу нерсе мен үчүн бүгүн да өз маанисин жоготкон жок.

Бир күнү күтпөгөн окуя жүз берди. Кошунда айылдан алып келген "Ала-Тоо" журналынын мукабасы саргайып, жыртылайын деп калган эски санынан (ал кезде адамдар китепти же журналды азыркыдай кор тутпай, же тутурук кылып жибербей, эскирсе да аздек буюм катары сактап коюшчу)

"Кыя жолдор" деген чыгармага көзүм түштү. Повестти бир дем менен окуп чыгып эс-мас абалда калдым. Эгер калп айтпасам, бала күнүмдөн бери мынчалык катуу толкунданбасам керек. Мындай болушу мүмкүн эмес деп, өзүмө ишенип-ишенбей турдум. Чыгармада биздин район Жерге-Талдын турмушу, болгондо да бизге канатташ айылдар Сары-Талаа менен Кош-Тегирмен, эң кызыгы, мен күн сайын шоокумун угуп, көркүнө суктанып жүргөн кадимки Көк-Суу дарыясы сүрөттөлүптүр. Ой тобо! Ушундай да болот экен, Кара-Тегиндин жашоосу тууралуу да чыгарма жазса болот экен, бизден да жазуучу чыгат турбайбы деп, бир канча күн толкунданганымды баса албадым.

Ырас, ал кезде мен акын-жазуучуларды пайгамбарлардай дебесем да, олуялардай көрүп, аларды демейки адамдарга окшобогон, өзгөчө жаралган инсандардай элестетчүмүн. Биздин Жерге-Талдан да жазуучу чыгат деген ой түшүмө да кирчү эмес. Ошондуктан жердешибиз Мирзохалим Каримовдун адабиятка келиши мен үчүн бир жагынан күтүлбөгөн окуя болсо, экинчи жактан, биздин элдин турмуш-тиричилиги, жергебиздин керемет кооз табияты жөнүндө мен да жазсам болот турбайбы деген мендеги аруу тилектин ойгонушуна түрткү берди. Демек, Мирзохалим аванын ошол кездеги адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган дебюттук чыгармасы "Кыя жолдор" повести кайсы бир даражада менин да жазуучулук тагдырыма таасир этти десем акыйкаттык болот.

Мирзохалим аванын өзүнө жолуксам, жаңы чыгармаларын окусам, акыл-насаатын уксам деген тилегим ондогон жылдардан кийин гана орундалды. 1994-жылы Кара-Тегинден Бишкекке студент болуп келгенден кийин атайын барып Мирзохалим авага кезиктим. Беш жыл бою, мен университетти бүтүп, Жерге-Талга кайра кеткенге чейин байланышыбыз үзүлгөн жок. Агалык дагы, устаттык дагы жакшы кеп-кеңештерин эшиттим. Чыгармачылыктын түйшүгү өтө оор болорун, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон кишилер гана алдына койгон максатына жетерип көп жолу кайталап айтты. Болбосо жазуучу же акын болом деп убаралабай эле коюш керек деп канча жолу эскертти. Тилекке каршы, минтип жашым элүүдөн оосо да устатым багындырган бийиктикке жете элекмин, мыкты шакирт болуп, устатымдан озуп өтө албадым.

Мирзохалим аванын чыгармачылыгы эле эмес, анын басып өткөн жолу, тагдыры да көпчүлүккө үлгү, өрнөк болот десем жаңылышпайм. Кыргызстандын ошол кездеги борбору Фрунзеде жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин, илим-билимимди, жаштык жигеримди, күч-кубатымды туулган жериме арнайм деп чоң максат менен Кара-Тегинге барганы, бирок жергиликтүү ичип-жегичтерди (азыркы тил менен алганда коррупционерлерди) аёосуз ашкерелеп, алардын былыгын чукуп райондук гезитке жазгандыгы үчүн куугунтукка алынып, кайра тез эле куулгандыгы өзүнчө тарых, өзүнчө чоң окуя.

Мирзохалим ава да айрым журналисттер сыяктуу кошомат аркылуу чоңдордун сыйын көрүп, алардын жеп-ичмейлерин укмаксан-билмексен болуп, жыргап-куунап жашаган жок. Буга анын адамдык ар-намысы, абийири, үй-бүлөдөн алган тарбиясы, окуган китептеринен алган таасири жол бербеди. Ал бул принцибинен өмүр бою тайган жок, өмүр бою акыйкат, чындык деп жашады, акындардын шаасы Алыкул Осмонов айткандай, өмүр бою "чын сөздү туура айтуудан тайманбады". Мен ошол себептүү бул кишини өзгөчө сыйлайм, өзгөчө кадырлайм.

Мирзохалим Каримовдун кыргыз адабияты менен адабиятына кошкон дагы бир бараандуу салымы атактуу диалектолог Жээнбай Мукамбаевден кийинки Кара-Тегиндик кыргыздардын диалектилик сөздөрүн чогулткан биринчи киши болду. Мындан тышкары, ал кыргыздын сөз берметтерин жыйнап, накыл кептерди, макал-лакаптарды камтыган чоң китептин түзүүчүсү аталды.

"Даңк" медалынын ээси, Мирзохалим аванын дагы бир сиңирген эмгеги тууралуу айтып өтпөсөк калыстык болбойт. Улуту тажик болгону менен Мирзохалим Каримов – бүт дилин, рухий дараметин кыргызга, кыргыз элине арнаган инсан. Тагыраагы, ал фарсы менен кыргыз маданиятын, руханий дөөлөттөрүн өзүнө жуурулуштуруп, өзүнө сиңирген, эки элдин улуттук рухий баалуулуктарынан азыктанып, бирок жемишин кыргыз үчүн арнаган жазуучу.

"Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт", – деп улуу Гейне атмакчы, эки жылдан берки чек арадагы тажик-кыргыз жаңжалы Мирзохалим авага өтө оор тийди. Аны катуу капа кылып, көңүлүн чөгөрдү. Ал чагымчылардын айынан бейкүнөө пенделердин канына забын болгон жаңжалды айыптап, жакын кошуна эки элди ынтымакка чакырган макалаларды байма-бай жазып келет. Түпкүлүгү таяке-жээн тажик-кыргызды кандай болбосун мунаса табууга, ар кандай маселени ийри отуруп түз кеңешип чечүүгө үндөп, жазуучу, аксакал катары данакерлик милдеттин аркалап келүүдө.

Мирзохалим аванын чыгармачылыгы жөнүндө адабиятчылар, сынчылар, дегеле чыгармачылык чөйрөнүн кишилери тарабынан буга чейин көп эле айтылган, жазылган. Мен бир гана нерсени белгилеп өткүм келет. Аңгеменин чебери Мирзохалим Каримовдун чыгармалары жөнөкөй, жумшак, өзү айтмакчы, ширин тил менен жазылган. Анын аңгемелерин поэзия окугандай бир дем менен окуйсуң. Ал бүгүнкү турмуш чындыгын, карапайым элдин үмүт-кыялын, тиричилигин, психологиясын чоң чеберчилик менен сүрөттөгөн дасык жазуучу.

Ушул жылы биздин урматтуу жазуучубуз жетимишке чыгып отурат. Жалпы жердештеринин жана окурмандарынын атынан кутман курагыңыз кут болсун, көп жашаңыз, сизге Жараткан бактылуу карылык берсин демекчибиз. Колуңуздан калемиңиз түшпөй, чыгармачыл дем-дараметиңиз эч качан бөксөрбөсүн!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG