Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Кубатбек Жусубалиев: Адамдын өзгөрүшү эң кыйын экен


Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев.

Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романы экинчи ирет басылып чыкты.

Кубатбек Жусубалиев “Муздак дубалдар” романын 28 жашында жазган. 1969-жылдары бүткөн романга "Советтик саясий идеологияга туура келбейт, сюжети жана композициясы чачкын, идеясы шектүү" деген сындар айтылып, чыгарма жыйырма жылдан ашык автордун сандыгында жаткан. 1990-жылы гана “кайра куруунун” (“перестройка”) шарапаты менен "Адабият" басмасынан китеп болуп чыгат.

Быйыл жазуучунун 80 жылдыгына арналып, роман толукталып кайра басылды.

“Адамдын өзгөрүшү кыйын”

Өткөн кылымдын 60-жылдарында "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген тырмак алды китеби менен адабий чөйрөгө таанылган Кубатбек Жусубалиев кыргыз адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн жараткан. Бирок соңку жылдары аз жазып калды. Ал Бишкектеги үйүн калтырып, Алайдын Кердегейине кетип калганына бир топ жыл болду. Айылда кызыл аскага жабыштырып, бышкан кыш менен үй салган. Там аркасына өрүк, алма, карагат, жүгөрү эккен. Сыртка чыгып, дүйнө аралап, көңүлүнө төп келген жерлерге барганы менен убактысынын көбүн Кердегейинде өткөрөт.

Ал “Муздак дубалдардын” бет ачарында Бишкекке келип, окурмандары менен жолукту.

“Адамдын өзгөрүшү эң кыйын нерсе экен. Менин жазгандарымдын эгерде пайдасы болсо, ал адамды өзүн-өзү түшүнүүгө көмөк болор. Анткени адам өзүн-өзү түшүнсө, Кудайды да түшүнөт экен. Бул ааламга эмнеге келгенин да түшүнөт экен”, - деди жазуучу жолугушууда.

Жазуучунун быйыл белгиленип жаткан 80 жылдыгына карата кызы Жамбы Жусубалиева бир топ иш-чараларды уюштурду. Ушул күндөрү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Жусубалиевдин чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылса, алдыда “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.

“Атам соңку 20 жылдан ашык мезгилден бери руханий, философиялык, диний-философиялык адабиятка жана этикага байланышкан публицистикага кызыгып, ошол дүйнө менен жашап жүрөт. Албетте, жаңы эмгек жазуу менен да алек. Билишимче, азыр күндөлүк жазып жатат. Кээде ыр да жазат. Роман же болбосо сюжеттик чыгармалары боюнча айта турган болсом, анын соңку кезде жазган “Уй менен ат” чыгармасын мисал кыла алам. Аны улам улантып жазып жүргөн. Эки жыл мурун жыйынтыктайм деп да айтты. Бүтсөңүз, китеп кылып чыгаралы дедим”, - дейт Жамбы Жусубалиева.

“Муздак дубалдар”

Адабиятчылар кыргыз адабиятында терең психологизмге ширелген чыгармалар жазуучу Жусубалиевге таандык дешет. Анын кыргыз прозасына кошкон жаңычылдыгы – өнүккөн адабияттарды өздөштүрүү аркылуу модернисттик, постмодернисттик дүйнө таанымды кыргыз прозасынына көчүрүп келгенинде дегендер да бар. Бул пикирге “Муздак дубалдар” романын мисал келтиришет.

Маселен, “Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана акыйккаттын жолу” деген илимий эмгектин автору, окумуштуу Мукарам Токтогулова: “Автор сырткы дүйнөгө эмес – кейипкердин ички дүйнөсүнө көбүрөөк көңүл бурат. “Муздак дубалдарды” окуп жатып, каармандын сырткы турмушун анчалык таасын көрбөйбүз, тескерисинче, анын ойлору, сезимдери, болгондо да түнт сезимдери (подсознательное – көмүскө аң-сезимдери) алдыңкы катарга чыгат", - деп айтканы бар.

"Муздак дубалдар" китеби. Ноябрь, 2022-жыл.
"Муздак дубалдар" китеби. Ноябрь, 2022-жыл.

“Муздак дубалдардын” баш сөзүн философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев жазган. Ал жазуучунун тексттери терең философияга канык, символ-шифрлерге, каймана мааниге бай экенин белгилеп, аны көркөм ой жолуна түшкөн философ деп атады.

“Муздак дубалдарды” айрымдар “постмодернизм”, “экзистенциялизм”, “аң-сезим агымы”, “жаңы роман" деп көрүштү. Бирок мындай мындай мүнөздөгү сыпаттамалар үстүрт келип, изден жаңылып, чыгарманын уюткусунан кайып өттү дээр элем. Автордун өзү 20 жылдан кийин өз романына жазган баш сөзүн “Эр Төштүк, Чалкуйрук жана кырк кулактуу казан” деп атаган экен. Билгенге ушул аталыштын өзүндө кырк кулпу салынган керемет имараттын ичине жол тапчу бир ачкыч турат. Кубатбек Жусубалиев кыргыз прозасынын Эр Төштүгү, Чал куйругун токунуп, эл көрбөгөн жер алдын чалып, баккан-тапканын окурман алдына жоомарттык менен жайган десек жарашар”.

Адабиятчы Рысбек Эшматов жазуучу тууралуу бир макаласында: “Муздак дубалдарда” жазуучу "өзүн өзү талдоо" (самопознание, самоанализ) ыкмаларын жакшы колдонгон; бул болсо батыш адабиятында "аң-сезим сели" (поток сознания) деп аталган адабияттагы агым, ыкма катары белгилүү" дейт.

Ошону менен катар Эшматов, дегеле, Жусубалиевдин көркөм дүйнөсү жөнүндө сөз айтардан мурда, адабиятта модернисттик эстетиканы жаратуучулардан болгон Марсель Прусттун чыгармаларындагы көркөм ыкмалар менен тааныш болуу керек деген пикирде.

Жусубалиевдин чыгармачылыгы тууралуу окурмандар арасында да бир кылка пикир жок. Айрымдар жазуучунун тандап алган өзгөчө формасын, көркөм табылгаларын жогору бааласа, кээ бирлер анын чыгармаларын такыр түшүнбөгөнүн айтып келишет.

“Муздак дубалдардын” башкы каарманы – Арыков. Арыков – өтө сезимтал, өтө изденгич, ошол эле мезгилде жан дүйнөсүндөгү карама-каршылыктуу ой-сезимдерден улам өтө кыйналып жашаган татаал жан – коомго аралашпай, обочолонуп жашаган, пассивдүү адам, чыгармачыл инсан.

Башка бир өңүттөн караганда, Жусубалиевдин башкы каарманы – эстутум; эскерүүлөрдүн эрксизден болгон ассоциативдүү байланыштарынан келип, "Муздак дубалдар" романы жаралган, себеби Жусубалиевди, биринчи кезекте, адамдын менталдуу дүйнөсү – аң-сезим сели, адам психикасынын өзгөрүлмөлүү агымдары кызыктырган.

"Бир муунду ойготту..."

Жусубалиевдин шакирттеринин бири, жазуучу, журналист Мамат Сабыров устатын өз кезегинде башкача бир көз караштарга чаңкап турган муунга шоола берди дейт.

“Биз Кубат акенин чыгармаларын окугандан кийин башкача адабиятты издей баштадык. Жазуучуну туурап, андан таасирленип, аныкындай ыкмада жазууга умтулган бир муун пайда болгон. Мисалы, Султан Раев досум алгачкы аңгемелерин ошондой жазчу, ыраматылык Мелис Эшимканов да Жусубалиевдин стилинде жазчу. Менин да ушул таасирде жазып калган бир канча эмгектерим бар. Кайсы жылы экени эсимде жок, “Асаба” гезитине Жусубалиевдин чыгармачылыгы тууралуу “Коңгуроо” деп аталган очерк жазгам. Анын мааниси - ал бүтүндөй бир муунду ойготкону тууралуу эле. Бир гана чыгармачылыгы менен эмес, жүрүм-туруму, көз карашы менен ойготту. Азыр деле ошол көз караштамын”.

Жазуучу Жусубалиев 1963-жылы Улуттук университеттин филология факультетин аяктаган. Чыгармачыл жолунда алгач Чоң-Алайда мугалим, Ошто журналист, Фрунзеде киноредактор болуп иштеп, чыйырын да башкача салган. Кийин прозага сүңгүп, сценарий жазып, киного тартылды, авангарддык ырларга ык койду, котормого аралашты.

80 жашка чыккан Кубатбек Жусубалиев Алай районунун Кердегей айылында туулган. Анын алгачкы аңгемелери 1963-жылы жарыяланган. Буга чейин төрт китеби жарык көргөн.

1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек", 1981-жылы "Толубай сынчы", 1990-жылы "Муздак дубалдар", 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" китеби жарыкка чыкты.

2019-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамы ыйгарылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG