Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Баткенде 3,5 миңден ашуун адам үйүнө кайта элек


Токтоп турган курулуштар. Ак-Сай айылы, Баткен облусу. Ноябрь, 2022-жыл.
Токтоп турган курулуштар. Ак-Сай айылы, Баткен облусу. Ноябрь, 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта коопсуз жакка качып чыгууга аргасыз болгон 3781 адам үйүнө кайта элек. Баткен облустук администрациясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, булар учурда туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалап турат. Алардын дээрлик баарынын турак жайлары талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган. Курулуш иштери аягына чыга элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өтүүгө тийиш экени кабарланган.

Чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканына нааразылыгын билдирип келет. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлгөн.

Андан мурдараак кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы тууралуу өкмөттүн дарегине да сын айтылган.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG