Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Султанбеков “Социнтерндин” вице-президенти болуп шайланды


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Кыргызстандын «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу ал өзү 29-ноябрда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жарыялап, төрт жылдык мөөнөткө шайланганын, уюмдун эң жаш вице-президенти болгонун белгиледи.

126 өлкөдөн 150 партиянын башын бириктирген “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жылдан бери иштеп келет. Анын кезектеги жыйыны бул күндөрү Испаниянын борбор шаары Мадридде өтүп жатат. Бул жолу уюмга төрага болуп Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес шайланды.

Темирлан Султанбеков 24 жашта. Ал Кыргызстандык социал-демократтар партиясында 18 жашынан бери мүчө.

2018-2019-жылдары партиянын Орусиядагы расмий өкүлү болуп, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди Москва сапарында коштоп жүргөн. 2020-жылы парламенттик шайлоого партиядан негизги тапалкерлердин бири катары катышкан. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, башаламандык чыкканда “жапырт башаламандык уюштурууга жана мамлекеттик төңкөрүшкө” шектүү катары Атамбаевдер менен кошо кармалып, кайра кое берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG