Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Катар-2022: Плей-оффто кайсыл командалар беттешет?


Ирандык күйөрмандар.
Ирандык күйөрмандар.

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Чемпионаттын башында дымактуу келген бир катар курама командалар кыйын кырдаалга тушукту. Экинчи айлампадагы оюндарда Марокко чоң ачылыш болду десек болот. Футбол адистери Азия менен Африка футболу дайыма үстөмдүк кылып келген Европа менен Латын Америкасына тең тайлашып калганына көңүл бурууда.

Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен Франция, Бразилия, Португалия плей-офф баскычына чыкты. Катар менен Канада кийинки баскычка өтпөдү. Ал эми калган командалар ортосунда интрига сакталууда.

А тобундагы интрига: Эквадор - Сенегал

25-ноябрда А тобундагы экинчи оюнда Катар курама командасы Сенегалга 1:3 эсебинде утулду. Ошентип мелдешти өткөрүп жаткан өлкө тайпалык оюндардан өтпөй калды. Алар биринчи беттешинде Эквадорго (0:2) утулган. Бул топтогу чечүү оюн эми Сенегал менен Эквадор ортосунда өтүп, плей-оффко кимиси чыгарын аныктайт.

Катар курама командасы Сенегалга 1:3 эсебинде утулду.
Катар курама командасы Сенегалга 1:3 эсебинде утулду.

А тобундагы Нидерланддар 4 упай менен алдыда баратат. Алар экинчи айлампада Эквадор менен тең чыкты (1:1). Эквадордо дагы 4 упай бар, ал эми эки оюндун жыйынтыгы менен Сенегал 3 упайга ээ болгон.

Бүгүн, 29-ноябрда А тобундагы интриганы Эквадор – Сенегал беттеши чечет. Нидерланддар Катарга каршы ойнойт.

Эгерде Нидерланддар биринчи болуп чыкса, плей-оффто (1/8 финал) В тобунда экинчи орунду алган команда менен беттешет. Ал кайсыл курама болушу мүмкүн? Албетте, айрым футбол адистери В тобунан Иран экинчи болуп чыгышы мүмкүн деп болжоп турат.

Иран-АКШ беттеши чечүүчү

Биринчи оюнда Англияга ири эсепте (6:2) утулуп калган Иран экинчи беттешинде Уэльсти жеңип (0:2) алды. Рузбех Чешми менен Рамин Резаэяндын голдору Иранга жеңишти алып келди. Муну менен алар тайпадан Англиядан кийинки экинчи орунга чыкты.

В тобунун фаворити Англиянын төрт упайы бар. Алар 25-ноябрда АКШ менен тең (0:0) чыккан.

Иран Дүйнө чемпионатына алтынчы ирет катышууда. Бирок буга чейин 1/8 баскычына чыга алган эмес.

В тобундагы чечүү беттеш бүгүн, 29-ноябрда Иран менен АКШ ортосунда өтөт.

АКШнын эсебинде азыр 2 гана упай бар. Эки беттешинде тең чыкты. Биринчи беттешинде Уэльс менен 1:1 ойногон эле.

29-ноябрда Уэльс – Англия беттеши болот.

Эгерде Англия утса, анда топтон биринчи болуп чыгат. Алар А тобундагы экинчи болуп чыккан курама команда менен 1/8 финалда ойномокчу.

Аргентинанын үмүтү

Лионел Месси.
Лионел Месси.

Сауд Арабиясынан утулуп калгандан кийин олку-солку боло түшкөн Аргентина экинчи айлампада Мексиканы 2:0 менен утуп, кийинки баскычка чыгууга үмүт жаратты. Команданын жылдызы Месси 64 минутада эсепти ачып, беттеш соңунда Фернандес эсепти 2:0гө жеткирди.

Ал эми Польша Сауд Арабиясын (2:0) утту.

Чечүүчү беттештер 30-ноябрда Польша – Аргентина ортосунда өтөт.

Кимиси утса, 1/8 баскычка тайпадан биринчи болуп чыгат.

Ушул эле күнү “Лусаил” стадионунда Сауд Арабия Мексика менен беттешет.

Футбол адистери В тобунан Польша кийинки баскычка чыгышы мүмкүн экенин айтууда.

Азыр В тобунда Польша төрт упай менен биринчи орунда турат. Ал эми Аргентина менен Сауд Арабиясынын үчтөн упайы бар. Мексика болсо бир гана упайга ээ.

Эгерде Аргентина В тобунан экинчи болуп чыга турган болсо, анда 1/8 финалда Францияга туш келип калышы толук мүмкүн.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатында дагы Франция менен Аргентина 1/8 финалда бет келип калган. Анда француздар 4:3 эсебинде утуп, Аргентинанын чемпиондук жолун бөгөгөн эле.

Франция 1/8 финалда

Франция D тобундагы эки беттешин тең утуп, плей-офф баскычына өттү.

26-ноябрда Франция Данияны 2:1 менен жеңди. Беттеште франциялык форвард Мбаппе эки гол киргизди. Ал эми футбол адистери бул беттештеги Антуан Гризманндын оюнун өзгөчө баалаган.

Килиан Мбаппе Франция менен Дания беттешинде. 26-ноябрь, 2022-жыл.
Килиан Мбаппе Франция менен Дания беттешинде. 26-ноябрь, 2022-жыл.

23 жаштагы Килиан Мбаппе Дүйнө чемпионаттарында жети ирет гол киргизген оюнчу катары мурдакы жылдыздардын көбүн артка калтырды.

Дешамдын командасы Катардагы чемпионатты ийгиликтүү баштады. Себеби соңку кездери чемпион катары келген курамалар тайпалык оюндардан чыкпай калган учурлар такай кайталанып келген.

D тобундагы Тунис Австралияга утулуп (0:1) калды.

30-ноябрда чечүүчү оюнда Дания Австралия менен беттешип, кийинки баскычка ким чыгары белгилүү болот. Ал эми Франция болсо Тунис менен ойнойт.

Эки оюндун жыйынтыгы менен D тобунда Франция биринчи орунда (6 упай), Австралияда 3 упай, Дания менен Тунисте бирден упай бар.

Англия топтон биринчи болуп чыкса, кийинки баскычта С тобунан экинчи болуп чыккан курама командага бет келет.

Учурда Франция Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 4-орунда турат. Буга чейин алар эки жолу (1998-жылы, 2018-жылы) дүйнө чемпиону болгон.

“Немис машинеси” жүрүп кете алабы?

Германия Испания беттеши. 27-ноябрь, 2022-жыл.
Германия Испания беттеши. 27-ноябрь, 2022-жыл.

E тобунда Германия биринчи беттешинде Жапонияга утулуп, жеңил “нокдаун” алган эле. Экинчи айлампада Германия Испания менен ойноп, 1:1 эсеби менен тең чыкты. Беттешин 62-минутасында испандардын чабуулчусу Альваро Мората гол киргизди. 83-минутада германиялык Никлас Фюллькруг командасын жеңилүүдөн сактап калды.

Луис Энрике жетектеген испандар биринчи беттешинде Коста-Риканы (7:0) ири эсепте утуп алган эле. Ошентип алар чемпионаттын 1/8 финалына чыкты.

Германия болсо E тобундагы эң акыркы орунда (1 упай) турат. Жапондор экинчи беттешинде Коста-Рикага утулуп (0:1), үч упайы менен экинчи орунда калды.

Чечүүчү беттештер 1-декабрда өтөт. Анда Коста-Рика менен Германия ойнойт. Ушул эле күнү Жапония Испания менен беттешип, кийинки баскычка өтүүгө умтулмакчы.

Футбол адистери E тобунда Жапониянын экинчи орун менен чыгуу мүмкүнчүлүк бар экенин болжоп жатат. Алар 1/8 финалда F тобунан биринчи жана экинчи болуп чыккан курама командаларга туш келет.

F тобу: Бельгия 1/8 финалга өтпөй калабы?

F тобундагы экинчи айлампа футбол эксперттери үчүн күтүүсүз жыйынтыктарды берди. 27-ноябарда Бельгия Мароккого 0:2 эсеби менен утулуп калды. Хорватия болсо ири эсепте (4:1) Канаданы жеңди.

Марокконун башкы машыктыруучусу Валид Реграги команданын плей-офф баскычына чыгуу каалоосу чоң экенин айтты.

Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 22-орунда турган Марокко алтынчы ирет Дүйнө чемпионатына катышууда. Алар 1986-жылы гана 1/8 финалга чыга алышкан. Андан бери үч жолу катышып, тайпалык оюндардан өткөн эмес эле.

Бельгия менен Марокконун беттеши. 27-ноябрь, 2022-жыл.
Бельгия менен Марокконун беттеши. 27-ноябрь, 2022-жыл.

Ал эми Кевин де Брюйне, Эден Азар сыяктуу футбол жылдыздары менен келген Бельгия кыйын кырдаалда калды. Бельгия чечүүчү оюнун хорваттар менен өткөрөт.

Эки оюндун жыйынтыгы менен F тобундагы биринчи орунда 4 упай менен Хорватия турат.

Чечүүчү беттеш 1-декабрда Хорватия менен Бельгия ортосунда өтмөкчү. Бельгиянын 3 упайы бар.

Топто экинчи орунда турган Марокко ушул эле күнү (1-декабрда) үчүнчү беттешин Канада менен ойнойт.

Футбол эксперттери Марокконун 1/8 финалга өтүү мүмкүнчүлүгүн жогору баалап жатышат. Канада эки беттешин тең уттуруп, үйүнө кетүүгө кам көрө баштады.

G тобу: Бразилиянын үстөмдүгү

G тобунда Бразилия курама командасы 1/8 финалга чыкты. 28-ноябрда өткөн экинчи айлампада Бразилия Швейцарияны 1:0 менен утуп, тайпада 6 упай менен биринчи орунда турат. Жалгыз голду 83-мүнөттө жарым коргоочу Каземиро киргизди.

Ал эми Камерун менен Сербиянын беттеши 3: 3 эсебинде тең чыкты. Швейцариянын 3 упайы бар.

Чечүүчү беттеш 2-декабрда Сербия – Швейцария ортосунда өтөт. Ушул эле күнү Бразилия Камерун менен беттешет.

Эгерде G тобунан Швейцария экинчи орун менен чыкса, 1/8 финалда Португалияга туш келиши мүмкүн. Анткени H тобунда Португалия биринчи орун менен чыгаары күтүлүүдө.

Н тобу: Гананын жеңиши

Н тобундагы экинчи беттештер 28-ноябарда өтүп, эң кызыктүү оюн Түштүк Корея менен Гана ортосунда болду. Ганалыктар Азиянын мыкты командасын 2:3 эсеби менен утуп алды.

Гана жарым саатта Түштүк Кореяга эки гол киргизүүгө жетишти. Бирок кореялыктар оюндун экинчи бөлүгүндө демилгени толугу менен колго алып, үч мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, эсепти теңей алышты. Оюн талаасына Корея ээлик кылып, камбэк кылууга болгон күчүн жумшады. Бирок көпкө узабай ганалыктар ийгиликтүү чабуул уюштуруп, эсепти 3:2ге жеткирип, аны оюндун аягына чейин сактап кала алышты.

Ушул эле күнү Португалия Уругвайды 2:0 эсебинде жеңип, 6 упайга ээ болду. Беттештин 54-мүнөтүндө Бруну Фернандештин көтөрүп берген тобун Криштиану Роналду башы менен киргизгендей көрүнгөн. Бирок кайталоодо ал топко тийбей калганы анык болуп, гол Фернандешке жазылды. 93-мүнөттө кайра эле Фернандеш 11 метрлик айып топту (пенальти) киргизди.

Гана 2006 -жылдагы Дүйнө чемпионатында 1/8 финалга чыкса, 2010-жылы 1/4 финалга чейин жетип, Уругвайга жеңилип, катуу ызаланган жайы бар. Бул жолу алар тайпадан экинчи болуп чыгышы толук мүмкүн болуп турат. Ал эми Уругвайдын бул чемпионатта жолу болгон жок.

2-декабрда чечүүчү беттеш Гана менен Уругвай ортосунда болот.

Гана кийинки баскычка өтсө, 1/8 финалда Бразилияга туш келет.

Н тобундагы соңку айлампа 2-декабрда өтүп, Түштүк Корея Португалия менен ойнойт.

Күйөрмандын эсине

  • 1/8 финалдын беттештери 3-декабрда башталат.
  • Ал эми ¼ финалдын оюндары 9-10 декабрда.
  • Жарым финалдагы эки беттеш 13-14 декабрда.
  • 3-орун үчүн болгон оюнду 17-декабрда көрөбүз.
  • Ал эми Катардагы Дүйнө чемпионатынын финалы 18-декабрга пландалган.

Бул чемпионат 32 команда ойногон акыркы мелдеш болот. Анткени 2026-жылы Дүйнө чемпионатына 48 команда катышмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG