Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Темиров иши: Акыйкатчы Башкы прокурорго жана Орусиянын омбудсменине кайрылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу Башкы прокурорго жана Орусиянын омбудсменине кайрылды.

Башкы прокурорго кайрылуусунда ал Темировдун Кыргызстандын жараны деген макамы бузулганын, аны өлкөдөн чыгарууга жол берген күч кызматкерлерин жоопко тартуу керектигин белгиледи.

“Укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери ыйгарым укугунан аша чаап, кызматынан кыянат пайдаланып, сот чечимин өздөрү каалагандай чечмелеп, чечим жарыяланар замат күч колдонуп, дароо өлкөдөн чыгарып салышты. Соттун чечиминде “дароо” деген талап жок болчу. Анын үстүнө, Кыргызстандын мыйзамдарында кыргыз жарандыгы менен катар башка өлкөнүн жарандыгына ээ адамдар күчтөп чыгарылышы керек деген норма жок”,- деп айтылат Акыйкатчынын билдирүүсүндө.

Орусиянын омбудсменинен Абдрахматова Темировго ал жакта болгон маалда документ алуусуна, тийиштүү укуктук жана башка жардам алуусуна көмөктөшүүнү суранды.

Акыйкатчы журналистке иш негизсиз козголгонун, Кыргызстандын да, эл аралык да укуктук нормалар бузулуп жатканын айтып келет.

Коррупцияны иликтеген журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG