Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Дмитрий Песков “газ үчилтигин” түзүү идеясы тууралуу түшүндүрмө берди


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын катышуусунда “газ үчилтигин” түзүү идеясы президент Владимир Путинге таандык экенин ырастап, ага түшүндүрмө берди.

Песковдун айтымында, үч өлкөнүн ортосунда көгүлтүр отунду ташууга багытталган уюм түзүү демилгеси ишти “шайкеш келтирүү” зарылчылыгынан улам чыкты. Путиндин сунушу биринчи этапта жөн гана “координациялык механизм түзүүнү” караштырат.

“Балким мунун баарын дагы талкуулаш керектир. Үч өлкөнүн кызматташуусу үчүн жана андан ары тышкы рынокко инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир юридикалык жак түзүлүшү ыктымал”, – деди ал журналисттерге.

Песковдун айтымында, бул түзүм аркылуу Орусиянын газын Казакстандын түндүк облустарына жеткирүүгө жана Кытайга же башка өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Бул сүйлөшүүдө президенттер “кандайдыр бир үч тараптуу уюм түзүү” жөнүндө кеп болгонун ушул эле күнү орусиялык басылмалар Казакстандын президентине таянуу менен жазып чыгышкан.

Маалыматты 29-августта Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай ырастап, эки лидер соңку сүйлөшүүсүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын “үчилтик газ биримдигин” түзүүнү талкуулаганын тактаган. Анын айтымында, мунун максаты Орусиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү маселелерин координациялоо максатын көздөйт.

Президенттер буга байланыштуу үч өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда деталдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектигин макулдашкан. Бул чечимге байланыштуу Өзбекстандын бийлигинин реакциясы азырынча белгисиз.

Орусия дүйнөдө жаратылыш газын экспорттоо боюнча алдыңкы орундарда турат. Украиндагы согуштан улам Европа өлкөлөрү Орусия газына көз карандылыгын азайта баштагандыктан, Москва аны Кытайга экспорттой баштаган.

Казакстанда жана Өзбекстанда өндүрүлгөн көгүлтүр отун болсо алардын өздөрүн камсыздоого араң жетет. Бирок учурда казак жана өзбек жергеси аркылуу Түркмөнстандан Кытайга газ алып өтүүчү куурлар бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG