Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага жардамды көбөйтөт


Йенс Столтенберг. Бухарест, Румыния. 29-ноябрь, 2022-жыл.
Йенс Столтенберг. Бухарест, Румыния. 29-ноябрь, 2022-жыл.

НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага экономикалык жана аскердик жардамын көбөйтөт. Бул тууралуу аскердик бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг түндүкатлантикалык уюмга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Бухаресттеги жолугушуусунда билдирди.

Столтенберг НАТОнун мүчөлөрү Киевге керектүү курал-жарактарды, ага тетиктерди жана ок-дарыларды да жеткирүүсүн күчөтөрүн белгиледи. Баш катчы ошондой эле Украинага күйүүчү май, дары-дармек жана кышта керектелүүчү жабдыктарды да берерин тактады.

НАТОнун башчысынын сөзүнө караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин келе жаткан кыштын ызгаарын согушта курал катары колдонгусу келип жатат жана ошол себептүү атайылап энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ошондуктан ал суук күчөгөн маалда Европага украиналык качкындардын жаңы толкуну агылышы ыктымалдыгын айтты.

Жыйында сөз сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон жана европалык өнөктөштөрү Украинага жогорку чыңалуудагы станцияларды калыбына келтирүүгө жардам берчү жабдыктарды жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Румыниянын борборундагы жыйын 29-ноябрда башталды. НАТОнун министрлеринин отуруму 30-ноябрда да уланат.

Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдар менен нергетикалык объектилерди бутага алууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 50% талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG