Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Үч тараптуу "газ биримдиги": Москванын көздөгөнү эмне?


Путин, Токаев, Мирзиёев.

Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен үч тараптуу газ биримдигин түзүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу 28-ноябрда казак лидери Касым-Жомарт Токаевдин Москвадагы расмий сапарында белгилүү болду. Көгүлтүр отун тармагындагы маселелерди чечүүгө багытталган демилге Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени айтылууда. Өзбекстан азырынча расмий комментарий бере элек. Социалдык тармактарда Москванын жаңы биримдик түзүү демилгесин сынга алгандар чыкты.

Украинадагы согуштан улам Орусия дүйнөдөн обочолонуп калган учурда Астана Москва менен негизги стратегиялык өнөктөш бойдон кала берүүнү көздөгөндөй.

Казакстанда президенттикке экинчи жолу киришкен Касым-Жомарт Токаев инаугурациядан кийинки алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштады.

«Адегенде эле Касым-Жомарт Кемелевич, куш келипсиз деп, чын жүрөктөн салам айтам. Президенттикке кайра шайлангандан кийинки биринчи расмий сапары менен Орусияга келдиниз. Дагы бир жолу шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен куттуктап, ийгилик каалайм”- деди Владимир Путин орус-казак экономикалык форумунда.

Лидерлер катышкан жыйын-форумдардан таратылган тасмаларда эки тараптуу кызматташтыктын ийгиликтери тууралуу көбүрөөк айтылат.


Орусия, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда биримдик түзүү тууралуу кеп козголгонун Касым-Жомарт Токаев орус премьери Михаил Мишустин менен жолугушканда билдирди.

"Бүгүн Владимир Владимирович кандайдыр бир үч тараптуу биримдик түзүү керектигин айтты. Ал Өзбекстандын президентине да телефон чалууга камынып атат. Адистерибиз эле эмес, мен өзүм дагы керектүү жыйынтыкка жана макулдашууга келүү үчүн бул темага тереңдеп киришибиз керек. Биз буга даярбыз. Эмнеге болбосун?" - деди ал.

Акордонун басма сөз катчысы Руслан Желдибай биримдиктин деталдары эксперттердин катышуусунда талкууланышы керектигин Фейсбукка жазды.

Орусиянын Интерфакс агенттиги үч тараптуу келишим газ тармагындагы маселелерди камтый турганын кабарлады.

Reuters агенттиги үч өлкө ортосунда болжолдуу "газ биримдиги" талкууланып жатканын, ал аркылуу Кытай жана сатып алуучуларга көгүлтүр от жеткирүү максаты коюлганын жазды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “газ үчилтигин” түзүү идеясы президент Владимир Путинге таандык экенин ырастап, ага түшүндүрмө берди.

Песковдун айтымында, үч өлкөнүн ортосунда көгүлтүр отунду ташууга багытталган уюм түзүү демилгеси ишти “шайкеш келтирүү” зарылчылыгынан улам чыкты. Путиндин сунушу биринчи этапта жөн гана “координациялык механизм түзүүнү” караштырат.

“Балким мунун баарын дагы талкуулаш керектир. Үч өлкөнүн кызматташуусу үчүн жана андан ары тышкы рынокко инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир юридикалык жак түзүлүшү ыктымал”, – деди ал журналисттерге.

Песковдун айтымында, бул түзүм аркылуу Орусиянын газын Казакстандын түндүк облустарына жеткирүүгө жана Кытайга же башка өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлөт.

Казакстан Орусия менен чогуу бир канча аймактык уюмга мүчө. Эксперттик чөйрө сындап келаткан Москванын жетегиндеги Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Евразия экономикалык биримдиги өңдүү альянстар бар. Бирок бул уюмдарга көгүлтүр отунга бай Өзбекстан мүчө эмес.

Украинага басып киргенден кийин Батыштын катаал санкциясына кабылып, экономикалык изоляцияда калган Орусия Борбор Азия мамлекеттери менен экономикалык алака-катышты күчөтө баштады.

Путин менен Токаев Москвада жолуккан күнү Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин баштаган делегацияны кабыл алды. Алар эки өлкө ортосундагы стратегиялык шериктештикти мындан ары да тереңдетүүнү сүйлөшкөнүн Мирзиёевдин администрациясы кабарлады.

Володин чөлкөмгө АКШ өкүлдөрүнүн тез-тез келишине тынчсызданып, “батыш менен менен кызматташуунун ыктымал кесепеттерине” кайрылды.

Мамлекеттик Думанын сайты кабарлагандай, “Европа Вашингтон менен кызматташканы үчүн экономикалык проблемаларга тушугуп жактанын” белгилеген Володин буга энергетикалык каатчылыкты мисалга тартты жана Ташкентти АКШдан алыстоого үндөдү.


Ташкент үч тараптуу биримдик тууралуу азырынча комментарий бере элек. Путиндин сунушун социалдык түйүндөгү өзбекстандыктар кескин сындап чыгышты. Алардын көпчүлүгү Орусиянын бул кадамын Украинадагы согуштан улам Москванын Борбор Азияны бооруна тартуу аракети деп мүнөздөп жатышат.

Казакстандык экономист Айдар Алибаев "Настоящее время" каналына интервью бергенде газ үчилтигин түзүүдө Орусия Казакстанга басым өткөрүп жатканын божомолдоп, мунун айынан Астана менен Ташкенттин Батыштын санкцияларына кабылуу тобокелчилиги жогору экенин белгиледи.

Казакстан орус армиясынын украин жергесине басып киргенин айыптаган эмес. Бирок Украинанын төрт аймагын аннексияланышын тааныбайт. Казак өкмөтү Украинага гуманитардык жардам жөнөтүп, анын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген. Касым-Жомарт Токаев быйыл июнда Орусиянын Александр Невский атындагы орденин алуудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG