Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Депутат Айдарбеков чет жакта дарыланып жүргөнүн билдирди


Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңеште ант берип жаткан учуру. Ноябрь, 2021-жыл.
Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңеште ант берип жаткан учуру. Ноябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал бир нече күн байланышка чыкпаганынын себебин, ден соолугу боюнча пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жакка кеткени менен түшүндүрдү.

Ал өзү үчүн кабатыр болгон жана колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келерин жазган.


Депутат Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу фракциянын жана парламенттин отурумдарына катыша албасын мурдараак "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев маалымдаган. Ал Айдарбеков бул тууралуу расмий кат аркылуу фракция башчысына жана Жогорку Кеңештин төрагасына маалымдаганын билдирген.

Айдарбеков дагы бир депутат Эмил Жамгырчиев менен ишемби күнү Казакстанга өтүп баратканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалып, кайра бошотулганы айтылган. Алардын кармалышы боюнча УКМК маалымат берген эмес.

Депутат Жамгырчиев үн ката элек.

Эки депутат кыргыз-өзбек чек арасы жана “Кемир-Абад” келишимине каршы добуш бергендердин катарында.

Буга чейин Чыңгыз Айдарбеков ушул келишимдеги документтердин ачыкталышын талап кылгандан кийин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчилигинен кеткен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG