Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

УКМК маңзат сатууга аракет кылган жарандар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жалпы салмагы 18 кг ашуун маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы жана 54 жаштагы эки адам кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалымдашынча, экөө тең Жалал-Абад облусунун тургундары.

Кармалган жарандар УКМКнын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

27-ноябрда Ош шаардык соту аларды камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65 пайызы 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG