Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Исхак Масалиев Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигинен кетти


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөөчү депутаттык комиссиянын төрагасы Исхак Масалиев ден соолугуна байланыштуу бул милдеттен баш тартарын билдирди.

Маалыматты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 30-ноябрда парламенттин отурумунда билдирди.

Аталган комиссия сентябрь айынын аягында түзүлгөн жана бир айдан кийин анын төрагасы болуп депутат Исхак Масалиев шайланган.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде депутаттык комиссия анын демилгеси менен түзүлгөнүн билдирген. Анда кенден казылган алтын учурда Улуттук банкта сакталып турганын айткан.

Анын алдында Улуттук Банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшаганы белгилүү болгон. Бул жагдай Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Өткөн айда Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн коомдук комиссия дагы түзүлгөн жана анын төрагасы болуп саясатчы Азимбек Бекназаров шайланган. Бекназаров учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурат.

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева банк карамагында 37,8 тонна алтын бар экенин 29-ноябрда журналисттерге билдирди.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG