Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Орусиянын Украина менен чектешкен облусунда мунай базасы өрттөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектешкен Брянск облусунун Сураж районунда мунай заттарды сактаган кампа өрттөндү. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Богомаз 30-ноябрда кабарлады.

Облус жетекчиси кырсыктын себептерин тактаган жок. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчү кызмат иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

"112" деп аталган Телеграм-канал резервуарга учкучсуз учактан чыккан дүрмөт тийгенин жазып чыкты. Сураж району салыштырмалуу чек ара тилкесинен алысыраак жайгашкан.

29-ноябрда Орусиянын Украина менен чектешкен Курск облусунда эки райондо да өрт чыккан. Аталган облустун башчысы Роман Старовойт мындагы конуштарга Украина тараптан ракеталык сокку болгонун тактаган.

Москва Украинага кол салгандан бери Орусиянын чек аралаш бир нече аймактарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Анын ичинде Белгород, Брянск, Курск жана Воронеж облустарында күйүүчү май сактаган кампалар, мунай базалары, курал-жарак кампалары күйүп кеткен. Украинанын Коргоо министрлиги бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок

10-октябрдан бери орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана башка маанилүү объектилерине сокку уруп жатат. Орус армиясы Украинага быйыл 24-февралда кол салган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG