Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

ИИМ: "Каржы пирамидасын" түзгөн эки киши өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда турак жай кооперативи деп “каржы пирамидасын” уюштурууга шектүү эки адам өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Ал батир сатып алууну көздөп жүргөн адамдардан үстөк пайызы жок деп акча чогултуу кадимки алдамчылык экенин, бул тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок ошого карабастан акчасын өзүлөрү алып барып бергендер көп экенин айтты:

“Турак жай кооперативдеринин баарын айта албайм, бирок көпчүлүгүнүкү пирамида – башындагылар алышы мүмкүн, ал эми аяк жагына келгенде акча түшпөй калса элдин акчасын кайтарып бере албайт. Ошентип алдаган эки адамды кармадык, тергөө жүрүп жатат. Бирок дагы эки жаран ага чейин акчаны алып, чет мамлекеттерге качып кеткен. Кандай болсо да биз аларды бул жакка алып келип, кылмыш жообуна тартабыз. Ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл тогуз айда “каржы пирамидасын” уюштурууга байланыштуу 700 кылмыш иши козголгон, элдин чыгымы миллион сомдоп саналат.

"Ихсан", "Биринчи турак жай", "Ансар Групп" жана башка кооперативдердин ишине байланыштуу териштирүү жүрүп жатканы кабарланган.

Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик "каржылык пирамиданын" элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG