Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду


Омар Султанов Эл аралык соода уюмунун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеалага ишеним грамотасын тапшырып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.
Омар Султанов Эл аралык соода уюмунун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеалага ишеним грамотасын тапшырып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 30-ноябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Омар Султанов быйыл майда Кыргызстандын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунда жана эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.

60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештин экс-спикери Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG