Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Парламентте Жээнбеков менен Зулпукаровдун кылмыш иши боюнча маселе көтөрүлдү (видео)


Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков
Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иши аягына чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Жеңишбек Токторбаев тиешелүү күч кызматтарынан булардын кылмыш иши тууралуу маалымат талап кылды.


"Бул экөөнө иш козголуп, эки ай камалып чыгышты. Кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга элек. Жыйынтык жок. Булар камалабы же өкмөткө жеген акчасын төгөбү? Ушул боюнча элге маалымат берүү керек. Же кар жаады, из басылды болуп бийликтегилерге куда-сөөк болуп калса эле, жазасыз калышабы?", - деди депутат.

Мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Былтыр декабрда Асылбек Жээнбековдун кызы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулуна турмушка чыккан.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып, 2021-жылы июнь айында атайын кызматтын тергөө абагына камалган. 8-декабрда Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошоткон. Сот Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Кеңештин мурдагы курамы Башкы прокуратуранын Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат сураган сунушун четке каккан.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотулуп, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG