Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

ИИМ Болот Темировдун кыргыз паспорту жараксыз деп табылганын билдирди (видео)


Болот Темиров сотто. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.
Болот Темиров сотто. Бишкек. Сентябрь, 2022-жыл.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышына анын кыргыз жарандыгынын жоктугу себеп болгонун билдирди. Абдиев бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы үчүн, ал Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды", - деди Абдиев.

Абдиевдин айтуусунда, адамды өлкөдөн чыгаруу чечими чыкканда анын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери коштоп барат. Ал Кыргызстандан быйыл 13, былтыр 19 чет өлкөлүк жаран чыгарылганын билдирди.

Жогорку Кеңеш 30-ноябрдагы отурумунда "Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады.

Коррупцияны иликтеген журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG