Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Мал уурдагандардын жазасын катуулатуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мал уурдаган кылмышкерлердин жазасын катуулатуу каралууда. Бул маселени бүгүн 30-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кылмыш-жаза кодексине” толуктоолор талкууланып жатканда депутат Мейкинбек Абдылдаев көтөрдү:

“Эл ууруну өзү кармап, алып келип тапшырып жатат милицияга. Тергеп, кылмышы далилденип, иш сотко өтүп жатат. Соттон бошонуп чыгып кетип жатышат. Буга мыйзамдагы бир берене алынып калганы себеп болууда. Мыйзамдагы мурдагы норманы алып келгиле, биз кабыл алып берели. Ансыз мал уурулукту токтото албайбыз”.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мурдагы мыйзамдарда мал уурулук жазасы 11 жылга чейинки өтө оор кылмыштардын катарында болгонун, азыр катардагы кылмыш катары каралып калганын, ошондуктан жазаны катуулатуу боюнча сунуштар берилерин айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG