Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Бишкек мэриясы №67 мектептеги эвакуация боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы №67 орто мектептин окуучулары жана кызматкерлери бүгүн 30-ноябрда эмне себептен эвакуация болгону тууралуу маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, буга №62 мектептин электрондук дарегине түшкөн кат себеп болгон.

Катта өзүн 22 жаштагы Талант Азизов деп тааныштырган адам №67 мектептин ичине колго жасалган бомба коюп койгонун, буга үй-бүлөлүк жашоосундагы көйгөйдөн улам өзүнө көңүл бурдуруу аракети себеп болгонун жазган.

Ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ички иштер органдарынын кызматкерлери окуя болгон жерде териштирүү жүргүзүп жатышат.

Тигил же бул жерде жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар буга чейин да жашыруун айтылып, адамдар эвакуацияланып, бирок кийин ал жалган экени аныкталган окуялар болгон. Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айыппул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG