Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Талибдердин жардыруусунан улам Пакистанда бир нече адам өлдү


30-ноябрдагы жардыруунун кесепети.
30-ноябрдагы жардыруунун кесепети.

30-ноябрда Пакистандын Белужистан провинциясынын административдик борбору Кветта шаарындагы жардыруудан үч адам каза болуп, 23 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Полициянын кабарлашынча, жанкечти күч кызматкерлеринин автоунаасынын жанында өзүн жардырып салган. Ал полиция кызматкерлерин бутага алган деп божомолдонууда. Жардыруу үчүн жергиликтүү талибдер жоопкерчилик алды.

Кветта Иран жана Ооганстан менен чектешкен жердеги калаада исламисттик да, жикчил жоочулар да бар жана тынч эмес шаар болуп саналат.

Пакистанда тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму бийлик менен кабыл алган ок атышпоо келишиминен чыкканын 28-ноябрда жарыялап, өз жоочуларына өлкөнүн бардык аймактарында чабуул жасоого буйрук берген. Пакистандык талибдер бийлик өкүлдөрүнө, коопсуздук жана күч кызматкерлерине кол салууларын уланта баштады.

Пакистандын бийлиги менен "Техрик-и-Талибан Пакистан" тынчтык келишими ооган талибдеринин ортомчулугу менен быйыл июнда түзүлгөн эле. Андан бери өкмөт өкүлдөрү талибдер менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече раундун өткөрдү, бирок андан чоң жыйынтык болгон эмес.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

Расмий Исламабад жергиликтүү талибдерге каршы улам-улам операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрүп чыгып турат. “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү кайрадан аймакка кайтып, өкмөттүк күчтөргө күн алыс чабуул жасап турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG