Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

"Туратали" базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү окуя боюнча иш козголду


"Туратали" базары. Архивдик сүрөт.
"Туратали" базары. Архивдик сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндө бүгүн 30-ноябрда болгон окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин (“Жайды, имаратты же курулманы өз билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, милицияга бөлмөнү 20га жакын адам ээлеп алганы тууралуу кабар түшкөн, жеринен териштирүү жүргөндө “Туратали” базарынын мурунку жетекчиси, Кара-Суу районунун 64 жаштагы тургуну өзүнүн 20га жакын тарапташы менен базар жетекчисинин иш бөлмөсүн ээлеп алганы аныкталган.

Милиция белгилегендей, мыйзам боюнча мурунку жетекчи сот аткаруучулар менен чогуу барып, жамаатка соттун чечими тааныштырылышы керек болчу, бирок ал “тарапташтарынын коштоосунда өз билемдик менен иш бөлмөнү ээлеп алганы аныкталган”.

«Туратали» базары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго карайт. Анын мамлекеттик ишкана деген макамы бар. Ишкананын Уставы 2014-жылдын сентябрында өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Базардын мурдагы жетекчиси Манас Үсөновду директорлук кызматтан алуу тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 16-декабрында кол койгон. Буйрукта Үсөновду иштен алууга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын сунуштамасы негиз болгону айтылган.

Ошол эле күнү бул кызматка Тынчтыкбек Батыркулов дайындалган.

Ош облустук соту 2022-жылдын 16-сентябрында Үсөновду мурда ээлеген кызматына кайтаруу тууралуу чечим чыгарганы белгилүү болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG