Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Баткендин каарман элине таазим


Баткендик аялдар. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Баткенде согуш чыгып, ок атышуу болуптур" деген суук кабарды уккан сайын ата-бабалары жашап келген чек ара айылдарындагы жүрөкзаада болгон бейкүнөө элдин кантип азып-тозуп качкан аянычтуу абалы дароо көз алдыма тартылат. Ушундай абалды Тажикстанда болуп өткөн согушту көргөнүм үчүн жаным жай албай, заманым тарый түшөт.

Ошондо кыргыздын күйдүрүп сүйлөгөн даанышман уулу, ыраматылык Салижан Жигитовдун жан дүйнө өрттөнүп жаткандагы абалды туюндурган болуш керек, "Шуулдаба теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин" деген ыр саптары эсиме келе калат. Кан-жаны тырмак менен эттей ажырагыс короо-жайын, мээнет менен багып өстүргөн бак-шагын, жер тырмап жыйнаган мал-мүлкүн да таштап, өз өлкөсүндө кара жанын алып качууга аргасыз болгон элдин аянычтуу абалын элестеткенде, мен дагы Салижан Жигитов айткандай ыйлагым келет.

Кыргыз эл акыны, маркум Эрнис Турсунов: "Памирдин суугуна чыдаса топоз чыдайт, илбирс чыдайт, анан кыргыз чыдайт" дегендей, Баткен чек арасында чыдаса жүрөгү кыргыз элим, жерим, мамлекетим деп соккон Баткендин каарман эли гана чыдайт деп айтаар элем. Башкалардын чыдашына көзүм жетпейт.

Ырасын айта турган болсок, Баткендин жеринин бардыгы эле дыйканчылыкты дүркүрөтө турган топурактуу жер эмес. Шагыраган шагыл. Мына ушундай жерди көз күйдүргөн өрүкзарга, баалуу күрүч өстүргөн шалызарга айландырган мээнеткеч, көкүрөгүн ок менен отко тайманбай тоскон бул эл жөнөкөй эл эмес. Мен бул элди баатыр эл деп айтар элем.

Ата мекениңде, киндик каның тамган айылыңда бир күн же бир жыл эмес тээ союз доорунан бери тынч жашай албасаң, бүгүн же эртең кандайдыр бир коога капысынан баштала тургандай уйкуңдан безсең, убактылуу жашап жаткансып такай санаага батып жүрсөң, бул жарык дүйнөгө жаралуунун жана жашоонун кандай мааниси бар? Бул азап, кайгы. Адам баласы үчүн мындан артык дагы кандай бактысыздык болушу мүмкүн?

Борбордон алыс турган Баткен элинин чыдамына, сабырдуулугуна, ыймандуулугуна, каармандыгына миң мертебе таазим кылам. Кычыраган кыш кылычын кезеп келаткан маалда үй-жайларынан ажырагандардын турак-жайлары суук түшкөнгө чейин бачым тургузулса экен деп, Жараткандан тилегенден башка аргам жок. Ушундай кысталыш учурда студенттик отряддар түзүлүп, курулушка жардам беришсе жакшы болор эле.

Баткен элин мен өзүмдүн жакын тууганым деп эсептейм. Аларды урматтап сыйлоого, муштумдай жүрөгүмдөгү жылуу сезимимди арнап жүрүүгө милдеттүүмүн. Анткени Баткендин эли менен Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда жашаган кыргыздардын кадим замандардан берки тарыхый бир туугандыгы жана карым-катышы болуп келген. Бул эки райондун ортосун бийик тоолор менен ашуулар гана бөлүп турат.

Жерге-Талдын тарыхты жакшы билген карыялары илгерки ачарчылык, жокчулук замандарда ошол бийик тоолорду ашып Баткенге барышканын, азып-чарчап келгенде баткендиктердин тузун көп ичишкенин, кыргыз жеринде үч-төрт ай мандикерлик кылгандан кийин кайра кайтканда алар эч нерселерин аябай узатып коюшканын Баткен эли жергеталдыктардын кыяматтык тууганы экенин биз жаштардын кулагыбызга куюп турушкан. Ошол бир туугандыктын шарапаты менен Жерге-Талга жүздөгөн баткендиктер көчүп барып, жергиликтүү элге жуурулушуп жашашкан. Куда болушкан. Союз тарагандан кийин Тажикстанда саясий абал начарлай баштаганда, алардын дээрлик бардыгы Баткенге көчүп кетүүгө мажбур болушкан.

Кыргыз мамлекетинин чек арасында атылган октон да, мекендин бүтүндүгү үчүн курман болуудан да коркпой, сабырдуулук менен жашап келаткан Баткендин тайманбас элинин дыйканчылыгына, багбанчылыгына, илим-билим менен маданиятына умтулган дараметине, чыгармачылык жөндөмүнө, адамды таң калтырган үлгүлүү өзгөчөлүктөрүнө тан бербей коё албайсың.

Колдорунан көөр төгүлгөн уздардын, жыгачка жан киргизген алтын колдуу усталардын башка жерлерде чанда кездешкен эмгектери республикабызда эле эмес, керек болсо чет өлкөлөрдө да даңазаланып келатканын жакшы билебиз.

Шагыраган шагыл аралашкан жерлерге өстүргөн өрүкзарларынан өрүктүн таӊдайды тамшандырган не деген таттуу түшүм жыйнап, үй-бүлөсүнүн да, өлкөнүн экономикасын да өнүктүрүүгө омоктуу салым кошуп келаткан мээнеткечтигине миӊ мертебе алкыш айтса да аздык кылат. Табият Кыргызстандагы адамзатты таң калтырган Айгүл тоону Баткен жергесинде жаратып койгону бекеринен эмес болсо керек деген тунук ойдо каласыӊ ушулардын баарына астейдил ой жүгүрткөндөн кийин.

Баткендин ажайып жери, элинин ыймандуулугу, сабырдуулугу жана меймандостугу менен өзгөчөлөнгөн баалуулуктары, турмуш-тиричилиги, атактуу инсандары тууралуу кенен маалыматы жок мекендештер бар. Ошол себептен массалык маалымат каражаттары аркылуу бул тууралуу телетасмалар тартылып, документалдуу очерктер, публицистикалар, макалалар байма-бай таратылып турушунун ар тараптуу мааниси бар. Бул сунушту тийиштүү жетекчилерибиз эске алат болуш керек.

Республикабызда эле эмес, чет өлкөлөрдүн коомчулугуна да таанылган баткендик инсандар жөнүндө айта турган болсом, алардын тизмеси абдан узун.

Тээ союз доорунда революциянын каарманы Уркуя Салиеванын айкелин борборубуздун ортосуна орноткон Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу айкелчи Тургунбай Садыков, булбулдун үнүндөй дирилдеген мукамдуу үнү менен дүйнө элдеринин назарын багындырган Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкова, илим тармагындагы философ Рахат Ачылова, облусту бир нече жыл билгичтик менен жетектеген Мамат Айбалаев, тышкы иштер министринин орун басарлыгына жана элчи кызматына чейин жеткен мыкты дипломат Бактыгүл Каламбекова, Жогорку Кеңештин депутаты жана министрлик кызматка чейинки жооптуу кызматтарды аркалай алган Улукбек Кочкоров, жумурияттын суу чарба тармагын өркүндөтүүгө барандуу салым кошкон Баратали Кошматов, мыкты көркөм чыгармалары менен кыргыз абадий казынасын байыткан акын-жазуучулар Курбаналы Сабыров, Мурзапар Үсөн, Аскар Ражабалиев, Топчүгүл Шайдуллаева, Абдилаат Дооров чыгармачылык өзгөчө дараметтери менен адамдын жүрөк кылдарын күүгө келтирген белгилүү ыры-обончулар Апаз Жайнаков, Бабаравшан Тургунбаев, кыргыз коомчулугуна таанылган мыкты журналисттер Кадыр Калилов, Сабыр Абдумомунов, Гүлбүбү Үсөнова ж.б. ондогон, жүздөгөн инсандар мына ушул элдин сыймыктуу уул-кыздары экенин билип, бардыгыбыз сыймыктанып жүрүшүбүз керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG