Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Сөз эркиндиги жана курултай


Элдик курултайдын катышуучулары. 25-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек.
Элдик курултайдын катышуучулары. 25-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Курултай купулга толобу?

Курултайга эмне мынча кызыгышат? Сөз эркиндигинин ага канчалык тиешеси кандай? Дегеле журналисттердин кандай кереги бар – алар эмнени “өндүрөт”? Бүгүн ушул суроолордун жообун сиздер менен чогуу издеп көрөлү, урматтуу окурман.

Чындыгында курултай – азыркы парламенттин эле илгерки, өтө жупуну, түйүлдүктөгүдөй примитивдүү формасы. Кыргыз тарыхында бул сөз менен аталган туруктуу же маал-маалы менен чакырылуучу жыйын деле болбоптур. Бир-эки эле ирет өткөрүлгөн курултайга өкүлдөрдү эл шайлабай, “жакшылар” (бийлер, бектер ж.б.) өздөрү эле чогулуп экен.

Азыр уу-дуу кылынып жаткан курултайдын биз көрүп калган бир мисалы Курманбек Бакиевдин тушунда болгон. Ошондо жыйылып келгендердин кыйласы өтө толкунданып, тарыхый маанидеги маселелерди чечкидей эң акылдуу, намыстуу өкүлдөрдүн катарына кошулдук деп сүйүнгөн. Алар демейде айтылбай, айтылса да көпчүлүктүн ызы-чуусунан бийликтегилерге угулбай, түшүнүлбөй жаткан ойлорду жалпы элге, “өйдө жакка” жеткиребиз, эң алгылыктуу кадамдардын жасалышына түрткү беребиз, улуттук биримдикти бекемдейбиз деп чын ыкластан ишенген болчу.

Бирок элдин атынан сүйлөйм деп келгендердин басымдуу көпчүлүгү парламентке шайлана албай калган дымагын канааттандыруу, өздөрүнүн пас мүдөөлөрүн орундатуу үчүн эле жулунуп чыгышкан. Андайларды өткөрбөй коюш үчүн билим, аң-сезим жагынан да, уюшуу жагынан да элдин туура тандоо мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болгон. Ошондуктан курултай 2005-жылдагы социалдык кыйроонун алдын алууга эч кандай өбөлгө түзө алган жок. Ал “шайлоодо” деле добуш сатып алмай, кооз калптарды катырмай, административдик ресурс колдонмой ж.б. ыкмалар кеңири колдонулган.

Колдо бар алтындын баркы жок

Курултай түшүнүгүнө көбүнчө “элдик” деген эпитет кошуп айтылат. Бийлик менен коомдун ортосунда данакер болуп, өз ара түшүнүшүүгө өбөлгө түзөт дешет аны өткөрүп турууну жактагандар. Бийликтин ички карама-каршылыктуу табиятына байланыштуу курултай же башка аталыштагы кеңеш берүүчү, башчынын эң орчундуу маселелер боюнча чечимин колдоп же токтотуп туруучу жыйындын зарылдыгы илгертен эле ар кайсы даражада белгилүү болгон. Дал ошондуктан соңку тарыхта бийликти мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бутактарына бөлгөн конституциялар иштелип чыгып, алдыңкы өлкөлөрдүн ырааттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн.

Биздеги парламент, мыйзам чыгаруучу бийлик – Жогорку Кеңеш. Атайын бюджеттен каражат бөлүнүп, эл өкүлдөрү отуруп иштей турган имарат берилип, айлык акысы төлөнүп турат. Эң орчундуу, мамлекеттик маанидеги чечимдер дал ушул жерде талкууланат. Ар ким эле сурай албаган орчундуу маалыматтарды эл өкүлдөрү өз убагында алып, эң жашыруун деген документтерге чейин көрүп, бюджеттеги каражаттын ар бир сомуна чейин кандай чогултулуп, каякка, кандайча сарпталып жатканына чейин көзөмөлдөп турууга тийиш.

Парламентте тийиштүү комитеттер атайын бекитилген тартип менен ырааттуу иштеп, токтомдор, мыйзам долбоорлору боюнча угууларды өткөрүү, аларды кабыл алуу боюнча ырааттуулук, мөөнөт, убакыт чектери катуу сакталышы зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбада тастыкталган мындай жол-жоболор бузулганда, мыйзамдуулукка, ал аркылуу мамлекеттүүлүккө доо кетет.

Ырас, бүгүнкү Жогорку Кеңештин деңгээли өтө төмөн. Бирок аны ого бетер мазактап, кемсинте бериштин ордуна бул жагдай үчүн баарыбыз, ар кайсы даражада ар бирибиз күнөөлү экендигибизди ойлошубуз керек. Ар бир депутаттын каталарын көрсөтүп, кемчиликтерин сындай берели, бирок туура айткан сөздөрүн такмазага айлантпайлы. Эл өкүлдөрүнө ар кандай кысым көрсөткөндөрдүн токтоосуз түрдө жоопко тартылышын талап кылалы.

“Сөз атасы өлбөсүн” деген эзелки эреже дал ушул парламентте бекем сакталышы зарыл. Бийликтин бул бутагынын башкы милдети ушундай – эл өкүлдөрү талкууда өз оюн, билген чындыгын, сунушун айтуудан эч тартынбай чыга алышы керек. Терминдин уңгу мааниси да ушундай – parler, “сүйлө, айт” деген этиштен.

Акыйкатты карасак, мамлекеттик заманбап бийликтин өзөк бөлүгү катары парламент менен реалдуу негизи да, азыркы доордо иштегидей мүмкүнчүлүгү да жок, жомок сыяктанган курултайдын айырмасы асман менен жердей. Болгону адамзаттын соңку тарыхында сынактан өткөн бул бийлик бутагын туура шайлоону, ал аркылуу бүтүндөй бийликтин жоопкерчилигин күчөтүүнү биз үйрөнө албай жатабыз. Бирок бул абдан зарыл: мамлекетти сактап, бекемдөөнүн мындан башка жолу жок.​

Сөз – ооздун жели эмес

Бийликтин үч бутагынын өз ара да, эл, коом менен да болгон алгылыктуу мамилесин сөз эркиндигисиз жөнгө салуу мүмкүн эмес. Анткени эң эле акылдуу, билимдүү, намыстуу кишилер башкарып жаткан болсо деле ар бир иштин чыныгы жагдайын, анык чоо жайын чечмелеп, талдап, элге жеткирип туруу үчүн, элдин маанайын, түшүнүгүн да “өйдө жакка” угузуп, көрсөтүп, сездирип туруу үчүн эркин журналисттер иштеп турушу өтө зарыл. Ушул мааниден алганда, журналисттер – коомдун көзү, кулагы, жүрөгү.

Биринчиден, жалпы элге ар кандай эле маалыматты жайылткандар ойдогуну колдогудай көрсөтпөшү (“не выдавать желаемое за действительное”), б.а. үгүт жүргүзбөшү керек. Маалымат таратуучулардын башкы максаты – бул окурмандын, угарман-көрөрмандын кийин өкүнүп калбагыдай туура чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү.

“Чечимдерди бийликтегилер чыгарат, карапайым калк эмне кыла алат?” деп сурашыңыз мүмкүн. Ар бир жаран – шайлоочу, коомдук талкуулардын катышуучусу катары тигил же бул саясатчынын мурда-кийин айткан-дегендерин, кылган-эткендерин салыштырып, талдап, кимди колдоо же кимге каршы туруу (ишенүү/ишенбөө) керектигин чечет. Бул үчүн зарыл маалыматтарды ар бирин кеминде эки-үч булактан текшерип, бир нече жааттын көз карашын камтый чагылдырган журналисттер камдап берет.

Кабарланып жаткан маалыматтар элге кызмат кылат, мамлекеттик маанидеги иштер үчүн тикелей жооп берет деп дайындалган, шайланган адамдардын жоопкерчилиги бошоңдоп кетпеши үчүн ЖМК (жалпыга маалымдоо каражаттары) дайыма коомчулук менен бийликти ортосундагы диалогду – суроо-жоопту уюштуруп турат.

Экинчиден, оозеки же кат жүзүндөгү жоопторсуз ар бир иштин натыйжасы – пайда-зыяны үчүн юридикалык, администрациялык жана адептик жоопкерчилик болушу мүмкүн эмес. Ырас, журналисттер дээрлик толугу менен иликтеп, далилдерди келтиргенден кийин деле эч ким жоопко тартылбай же анча-мынчасы убактылуу тергелип, аз убакытка камалып, анан тез эле бошонуп кеткен учурлар көп болууда. Бирок такыр билмексен, көрмөксөн болуп койгондон көрө элге чындыкты айтып турган миң эсе жакшы. Учурдагы кол жеткис, кол тийгис абалына ашыкча маашырланган пенделер үчүн да пайдалуу – эртеңкисин ойлосо, кошоматчыларга эмес сындагандарга көбүрөөк кулак салат да, тизгинин тартат.

Үчүнчүдөн, мыкты журналисттер уюштурган талкуу, иликтөө, талдоо иштери аз-аздан болсо да элдин укуктук аң-сезимин ойготуп, башкаруу чөйрөсүнө кесипкөйлөрдүн келишине, жалпы жана саясий маданияттын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жооптуу кызматтагылар ар бир сөзүн жетик ойлонуштуруп, чыныгы жагдайга тууралап айтууну, мыйзамдуу, иштиктүү чечимдерди чыгарууну үйрөнө берет. Ошентип, эл кайдагы бир курултай ж.б. менен алагды болбой, бара-бара Жогорку Кеңеш да, өкмөт (Минкаб) менен президент да, сот жана укук сактоо мекемелери да өздөрүнүн мыйзамдуу ыйгарым укуктарынын чегинде так иштей баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG