Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Экстремизм түшкө кирбеген окуяга түртүшү мүмкүн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Экстремизм кылмышы

Окуу китеп деңгээлиндеги белгилүү аныктамасы боюнча экстремизм (лат. extremus – “чектен тыш”, “ашынган”) саясий, диний, улуттук максаттарга “ашынган”, тыюу салынган ыкмалар менен жетүүнү жактаган көз карашты, ушундай үгүттү билдирет. Өлкөдө социалдык-экономикалык туруксуз, оор абал создугуп, бийлик үчүн күрөш курчуганда, кылмыштуулук да күчөп кеткенде, мамлекеттик түзүмдөр начар иштегенде, коомдо зулумдукту, зордук-зомбулукту жактаган маанай күч алат.

Реалдуу жагдайда зомбулукту үгүттөгөн (экстремист) же ишке ашырган (террорист) адамдардын, топтордун аракети дайыма эле ушундай баалана бербейт. Кээде алар демократия, адам укуктары, адилеттүүлүк, көз карандысыздык, улуттук, диний эркиндик сыяктуу саясий ураандар менен калайыкты өз тарабына тартып алат. Же жок дегенде көпчүлүктүн каршы чыкпашына жетишет. Ал чакырыктар ошол кыймылдын чыныгы максаты болушу да, эптеп эле бийликти алуу максатында элди алдоо үчүн колдонулушу да мүмкүн.

Бийликти алмаштырууну көздөгөн күчтөр муну "революция" деп атайт. Бирок зомбулук улана берген учурлар да көп кездешет. Анан каяша айткандарды тыюу үчүн сот жана күч түзүмдөрүн колдонушат.

Ченин билбей калганда

Бийликтеги адамдар колуна топтолгон күч канчалык чоң болсо да, ага өтө ашыкча ишене бербеши керек. “Зордун түбү – кор” дегендей, жазалоо, куугунтуктоо чаралары менен эле каалагандай максатка жетиш мүмкүн эмес – эч ким өлкөдөгү тартипти күч менен гана кармап тура албайт. А.С.Пушкиндин “Борис Годунов” трагедиясынын аягындагыдай “эл тунжурап” калган абалды калайыктын толук колдоосу деп ойлоп алгандар катуу жаңылышат.

Күч колдонуудагы тийиштүү бир чектен өтүп кетпөө үчүн бийликтегилер абдан кыраакы болушу кажет. Буркуйган булчуңдарга маашырлана бербей, туруктуулукту камсыздоо үчүн жазалоого, куугунтуктоого салыштырмалуу алда канча татаал, ырааттуу чечимдерди иштеп чыгышы зарыл. Анте албаса, күчкө каршы күч табылбай койбойт: зулумдук дайыма өзүнө каршы зордук-зомбулукту шарттайт.

Жарандарды "экстремист" деп айыптоодо милдеттүү түрдө эске алынышы зарыл болгон кылдат чек бар. Ар кайсы учурларда айтылып, жазылып калган сөздөр же билип-билбей бөлүшүп койгон шилтемелер боюнча эле, болгондо да кыйла убакыт өткөн соң айып тага берген жарабайт. Байкоостон же ачуу үстүндө айткан сөз үчүн катуу эскертип, кайталаганда айып салса деле болот.

Бирок дайыма накта экстремисттик ураандарды чакырып жүргөн кишилерге карата өзүнчө чара колдонуу кажет. Алардан коркпой, коомдун колдоосу менен чечкиндүү аракеттенүү үчүн бийлик өзү ырааттуу иштеши, т.а. мыйзамдарды ким экенине карабай баарына текши бирдей колдонушу зарыл.

Жамандын бир аты – жоош

Баарынан да зарылы – экстремисттик үгүттүн жайылышына, коомдо ушундай маанайдын жаралышына өбөлгө түзө турган себептерди аныктап, ырааттуу, системалуу иш жүргүзүү.

"Бети жок, зөөкүр, кыянатчыл немелердин көбөйүп кеткенине сылык-сыпаа жүргөн сиз менен биз күнөөлүүбүз", – дейт эмеспи В. Шукшиндин бир каарманы. Бул катарда кимдер бар экенин карап көрөлү.

Дилинде зомбулукту дегеле жактырбаса да, экстремисттик (нацисттик, фашисттик, шовинисттик, радикал ж.б.) үгүт, чакырыктарга каяша кылбай, тескерисинче, коркконунан же эки жүздүүлүгүнөн эле колдоп жүргөндөр бар.

Мындайлар айрыкча жасалма диссертация менен илимий даражага жеткен, кошоматчылык кылып же паралап жүрүп расмий сыйлык наамдарга ээ болгон пенделердин арасында көп кездешет. Аларды чыныгы окумуштуулардан, таланттуу жазуучу-акындардан айырмалоо ар кимдин эле колунан келбейт. Бул үчүн мектепте балдардын эстетикалык табитин өстүрүп, медиа сабаттуулугун калыптандыруу зарыл.

Бийликтин жоопкерчилиги

Сөздүн баркын, айрыкча расмий деңгээлде айтылуучу сөздүн таасирин ойлобой койгон адаттын кесепети өтө оор болот. Эл башкарган адамдардын ар бир сөзү ар тараптан терең, ырааттуу ойлонулуп, аптеканын таразасына тарткандай кылдаттык менен айтылышы зарыл.

Убактылуу жооткотуу же алаксытуу үчүн эле ишке ашпай турган же дегеле ниетинде, максатында болбогон убадаларды бербеш керек. Сөздүн кадыры, таасирдүүлүгү ишке, реалдуу чындыкка канчалык шайкеш келгендигине, бекемделгендигине жараша артат же жоголот.

Утуру-тетири айтыла берген сөз ооздун эле жели болуп калат да, элдин бийликке болгон ишенимин начарлатат. Ошого жараша ар кандай бүлгүнчүл чакырыктарга көпчүлүктүн көңүлүн буруу да оңой боло берет. Расмий бийликтен таппаган адилеттикти “халифат”, “сталиндик тартип”, “элдик курултай” ж.б. сыяктуу нерселерди убада кылган күчтөрдөн күтүп калат.

Ырас, кара күчкө, зулумдукка гана баш ийген, "ким күчтүү болсо же бийликте турса, ошонуку ырас” деп карөзгөй чечимдерди колдоого ыктагандар, муну актоо үчүн динди да пайдалануудан тартынбаган айрым "таксырлар" деле бар. Карайлап калган калайык “азыркылар куулса эле болгону” деген маанайга тартыла берет. Арга кеткенде "эки балекеттин кичинерээгин танда (из двух зол выбирай меньшее)" же “желмогуздун азыраак жей турганын танда” деген “принципти” карманып калат...

Мамлекеттик түзүмдү көздүн карегиндей сактайлы

Мыйзам – мамлекеттүүлүктүн негизи. Мүдөөлөрү түрдүүчө айырмаланган катмарларга, социалдык, этностук, саясий, диний топторго бөлүнгөн калкы бар бүтүндөй өлкөнүн мыйзамдуу түзүмүнө эч ким жакшы ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз иш-аракети же сөзү менен шек келтирбеши керек.

Баш мыйзамды (Конституцияны), укук тартибин аныктаган мыйзамдарды сыйлабаган, орчундуу чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун сактабаган, көзгө илбеген жетекчилер өздөрүнө каршы башкалардын да мыйзамсыз чыгышына жол ачып койгонун, “ким күчтүү болсо, каалаганын кыла берсин!” дегенсип, ар кандай зомбулуктарды алдын ала актап салганын түшүнбөйт.

Мыйзамды сыйлабаган адам өзү да эртеби-кечпи мыйзамсыз жосундардан жабыр тартпай калбайт. Тарыхта далай ирет тастыкталгандай, мыйзамды тебелеген “чоңдор” өздөрү да акыры бири-биринин башын жутат экен.

Жаман айтпай жакшы жок

Мисалы, бизге кыйла жакын турган Ооганстанда талиптердин бийликке келишине биринчи кезекте мурунку өкмөттүн өтө коррупциялашып кеткендиги өбөлгө түзгөн. Жаман айтпай жакшы жок, эгер кечиктиргис кадамдар системалуу түрдө жасалбаса, биздеги диний фанаттар же саясий экстремисттер деле бийликтегилердин түшүнө да кирбеген чоң балээни баштап жибериши толук ыктымал.

Булардын алдын алуу үчүн эң зарыл кадамдар:

  • Күч түзүмдөрүн мыйзамдык жана адептик ченемдерди (жол-жоболорду) кыйшаюусуз сактоого үйрөтүү, көндүрүү.
  • Соттордун бир гана мыйзамга баш ийип, таза, так, ыкчам иштешине, адилет чечимдерди чыгаруусуна өбөлгө түзүү (сот бийлигинин толугу менен өз алдынчалыгын бекемдөө жана мыйзам алдындагы жоопкерчилигин максималдуу түрдө күчөтүү).
  • Расмий кызматтардын коомчулукка, ЖМКга маалыматты өз убагында, так, жетиштүү көлөмдө берип туруу үчүн жоопкерчилигин күчөтүү.
  • Сөз эркиндигине каршы башталган кысымды тез арада токтотуу.
  • Диний маалымат, билим жаатындагы саясатты бирдиктүү системага келтирип, мечиттерде, теледен, ар кайсы сайттардан, социалдык желелер аркылуу, ар кандай эл чогулган жерлерде айтылуучу үгүттүн (дааваттын) мазмунун көзөмөлгө алуу; буга чейинки чыгарылган видео, аудио, текст түрүндөгү диний материалдарды толугу менен текшерип, электен өткөрүү.
  • Диндердин жаралуу, өнүгүү тарыхын мектепте жана ЖОЖдо толугу менен бейтарап, илимий нукта окутуу.

Жалпы калктын, анын ичинен айрыкча жаштардын медиа сабаттуулугун көтөрүү үчүн ырааттуу иштерди жүргүзүү. Ушул жана башка орчундуу кадамдар биздин жаш, эгемен өлкөнүн сакталып, туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG