Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

"Баламды окууга албай коюшту". Тандоо укугун чектеген ВИЧ


Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, соңку үч жылда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандардын саны көбөйдү. 2022-жылдын 10 айында 819 жаңы учур катталса, анын 710у жыныстык катнаш учурунда жуккан. Ооругандардын 62,9% эркектер.

Азыр Кыргызстанда 120 39 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталган.
Алардын 11344ү Кыргызстандын жараны, анын ичинде оорусу СПИДге өткөн 1231 адам каттоодо турат. Дагы 695 чет элдик жаран Республикалык СПИД борборунун тизмесинде ВИЧ катары катталган.

Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жаштан өтүп калды. Алардын бири Ош облусунун тургуну Шайыргүлдүн (аты-жөнү өзгөртүлдү) уулу Айдин 17 жашка толуп, быйыл студент болгон.

“9-классты аяктагандан кийин Казакстандагы окуу жайлардын бирине тапшырам деп, сынактан өтүп кетиптир. Биздин үйдө ошондо чоң майрам болгондой сүйүнгөнбүз. Ал кезде ВИЧ жугузуп алгандар катардагы студенттердин арасында билим ала албасын билген эмес элек. Көп өтпөй документтерди тапшыргандан кийин “окута албайбыз” деп баш тартышты. Уулумдун журналист болом деген кыялы кыйрап, ошол күндөн бери мага суроолору көбөйдү. Адатынча жаркылдап турган балам азыр андай эмес, кыйын күндөрдү башыбыздан өткөргөнгө аргасызбыз. Баламдын кабагын көрүп жүрөгүм тилинип кетет. Ал социалдык тармактардагы баракчаларына кара түстөгү сүрөттөрдү коюп, жүрөктү эзген статустарды жазат. Андай кылбачы дегениме көнбөдү, ал “мен жашоом ушул сүрөттөрдөгүдөй караңгы экени калппы?” деп суроо салат, мен буга жооп бере албайм”,- дейт Шайыргүл.

Кыргызстанда 1996-жылдан 2022-жылга чейин ВИЧ/СПИДди жугузган жолдор
Кыргызстанда 1996-жылдан 2022-жылга чейин ВИЧ/СПИДди жугузган жолдор

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ичинен бир гана Орусияда мыйзамдын негизинде ВИЧ статусу барлар үчүн атайын чектөө киргизилген. Өлкөгө кирүүнү каалаган чет элдиктерден ВИЧ аныкталса, ал дароо “кара тизмеге” киргизилет.

15 жылдан бери өмүрү антиретровирустук дарыларга байланган Айдиндин келечеги үчүн кайгырган эненин барбаган жери калбаган.

Шайыргүлдүн айтымында, өзгөчө бой жетип калган кыздардын келечеги ата-энелерин бушайман кылат.

Кыргызстанда 382 балага ВИЧ 2006-2007-жылдары ооруканадан жуккан. Ал кезде төрөлгөн балдар азыр Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт.

Окуядан кийин Кыргызстанда илдеттин алдын алуу боюнча иштерге олуттуу мамиле жасала баштаган. Өкмөт ар беш жылга атайын программа түзүп, ага миллиондогон каражат бөлгөң. Бирок ВИЧке чалдыккандар колдонгон дары-дармектин көбү эл аралык донорлордон алынат.

"Балам эки жашта болчу. Ооруканадан чыккандан кийин улам ооруп жатты. Анда да медиктер анализ тапшырткан эмес, өзүм энелик сезим менен баламды көтөрүп барып ВИЧке анализ алгыла дегенден кийин вирус аныкталган. Ошол күндөн тарта ВИЧке кабылгандардын маселесин жакшы билем. Ата-энелердин атайын коому да бар. Анда биз балдарыбыздын келечеги тууралуу толгон-токой суроолорго жооп издеп келебиз. ВИЧ менен жашаган кыздарга куда түшүп, колун сурап келгендер бар. Ата-энелери аларды “кызым азыр жаш” деп гана сылык-сыпаа узатууга аргасыз. Анткени, ВИЧ экенин айтса, жакындарынын, коомдун көз карашы, мамилеси дароо өзгөрүп кетет", - деген Шайыргүл мамлекет мындай балдар үчүн шарт түзбөдү деп нааразы.

Анын Казакстанда окууга өтпөй калган уулу азыр өзүнө жакпаган кесипти тандап, окууга мажбур.

ВИЧке чалдыккан балдардын ата-энелери 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугуп чыгышкан.

“Биз бул жолу мамлекет ВИЧке кабылган балдарга 1 миллион сомдон берсин, жөлөкпулун 10 миң сомго көтөрүп, аны өмүр бою алгандай кылсын жана үстүнө үй берсин деген талап менен келдик. Себеби, биз Республикалык СПИД борборунан бекер дары алып, мамлекеттен 8,5 миң сом жөлөкпул алгандан башка эч көмөк көрө элекпиз. Азыр балдарыбыздын жанында биз барбыз, кийин булар кайда барат? Кимдин колун карап жашайт? ВИЧ менен алар чет өлкөгө да чыга албайт, өзү тандаган кесиптин ээси боло албайт, булар жөн гана ара жолдо калды. Өкмөт 15 жылда булар үчүн өзүнчө программа да иштеп чыккан жок. Акча бөлүнүп атканы менен анын кайда, кантип сарпталып жатканын билбейбиз. Жолугушууда ушул маселелерди айттык, жылдагыдай эле “аракет кылабыз” деген жоопту алып, кайра үйгө кайттык”,- деп сөзүн аяктады Шайыргүл.

Кыргызстанда ВИЧ илдетин ооруканалардан жугузуп алгандарга акчалай кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген. Инфекция жугузуп алгандардын дарысын өкмөт акысыз берет. 18 жашка чыга элек балдарга 4 миң сом жөлөкпул чегерилген. Учурда Кыргызстанда жөлөкпул алган 500дөн ашык бала бар. Балдарынын дартка чалдыкканы тууралуу маалыматты жашыруун сактоо максатында жөлөкпул алуудан баш тарткан ата-энелер да жок эмес.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ВИЧке чалдыккан балдардын жакындары менен жолугушууда Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева тиешелүү мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт 2023-2027-жылдарга карата жаңы VI программа иштелип жатканын билдирген.

Ушундай эле программа 2017-2021-жылга карата кабыл алынып, ага эл аралык донорлор жана өкмөттөн жалпы 33 миллион доллар кароо пландалган. Бул каражатка мамлекет ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын 90% дары-дармек менен камсыздап, терапия алып жаткандардын 90% вирустун активдүүлүгүн басаңдатуу (мындай учурда вирус СПИДге өтпөйт), энеден балага жугууну азайтуу жана башкалар каралган.

Айрым адистер өкмөт бул максатына жетпегенин, ВИЧ жугузгандардын 50% ашыгы ушу күнгө чейин дары ичпей, ал эми энеден балага жуккан учурлардын саны дагы деле өсүп жатканын айтып келишет.

Жыйында Байсалов мамлекеттик каржылоонун көлөмү кыйла көбөйгөнүн айткан. Эгер 2018-жылы 62 млн. сом, 2019-жылы 42 млн. сом каралса, 2020-жылы 76 миллион, 2021-жылы 83 миллион, ал эми быйыл 83 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары ал ВИЧ жана СПИД менен ооруган балдарга, илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн наристелерге 18 жашка толгонго чейин 8 миң сомдон жөлөкпул берилерин маалымдады.

Республикалык СПИД борбору белгилегендей, соңку жылдары ВИЧти жугузгандардын көрсөткүчүндө илдетти жыныстык жол менен жугузгандардын саны өскөн. Бул 2016-2017-жылдарга салыштырмалуу тенденция өзгөрдү дегенди билдирет. Маселен, 2016-жылдары вирусту баңгизатты ийне аркылуу колдонгондор арасында ВИЧ көп аныкталган. Быйыл ВИЧ аныкталган 819 кишинин 710у илдетти жыныстык катнаш учурунда жугузган.

Респубикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова муну бир нече факторго байланыштырды:

"Буга чейин баңгизат колдонгондор аны ийне аркылуу алчу. Бир эле ийнени бир нече адам колдонуп келген. Азыр синтетикалык баңгизат колдонгондор көбөйдү, алар суюк затты сайынбайт, жөн гана ичип коет, анын таасири 24 саатка жетет. Андан сырткары ийнени бекер алмаштырып берген жайлар бар. Ал эми жыныстык жол менен көп жугуп атышы - адамдардын туш келди жыныстык катнашка барышы менен байланыштуу. Биздин борбор мурдагыдай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мектеп, жогорку окуу жайларына чейин барып, бекер презерватив калтырбай калган. Глобалдык фонд мындай каржылоолорун токтоткон, презерватив бейөкмөт уюмдардын базасында уюштурулган жайларда гана аялуу топтордогу адамдарга гана берилет. Ал эми мамлекеттен бул үчүн атайын каржылоо жок. Бул көрүнүш ВИЧти жугузгандар арасында жаштардын, туш келди жыныстык катнашка баргандардын санынын өсүшүнө алып келүүдө".


Дарыгерлер вирустан коргонуунун бирден-бир натыйжалуу жана эң коопсуз контрацептив экенин айтып келет.

“Эпидемияны жөнгө салуу чараларын улантуу жана максаттарга жетүү” (EpiC) долбоорунун өкүлү Санжар Нишонбоев өзү да ВИЧ менен жашаган кыргызстандык жаран. Ал бир нече жылдан бери мындай ооруга чалдыккандарга көмөк көрсөтүп, мындан ары жашоо, дарылануу жана өзүн-өзү кабыл алууга болгон аракетин жумшап келген активист.

“Капилеттен жыныстык катнаш болуп кала турган болсо презерватив колдонуу менен адам өзүн бул вирустан 200% коргой алат. Шалаакылык мамиле менен өзүңдүн ден соолугуңду тобокелдикке салуу өтө туура эмес. Статистика өзү көрсөтүп тургандай, жыныстык жол менен жугуу көбөйүп баратканы - коом үчүн чоң коңгуроо. Биз жоопкерчиликке үйрөнүүбүз зарыл. Себеби сенин ден соолугуң сага гана керек”.

ВИЧ/СПИД илдетинин аймактарда жайылышы
ВИЧ/СПИД илдетинин аймактарда жайылышы

2022-жылдын ноябрь айына карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 12 миңден ашты. Көбү эркектер. Анын арасында 743 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Илдет катталган 1996-жылдан тарта Кыргызстанда бул оорудан 3013 киши каза болду.

2006-2007-жылдары Ноокат райондук жугуштуу дарттар ооруканасында жана Ош облустук балдар ооруканасында вирус жуккан балдар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт.

Балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге каршы кылмыш иши козголгон. Иш Жогорку сотко чейин жеткен. Териштирүү беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Анын эки айын тергөө абагында өткөрүшкөн.

Ооруканада балдарга ВИЧ илдетин ким, кандайча жуктурганы дагы эле так аныкталган жок.

Кылмышка тиешеси бар деп жоопко тартылган дарыгерлер жаза мөөнөтүн өтөп, айрымдары кайра ишин улантууда. Жабыркаган энелерге жана балдарга негизинен бейөкмөт уюмдар көмөк көрсөтөт. Онго жакын аялга өкмөт Ош шаарынан үй берген.

ВИЧ менен жашап келген кыргызстандыктарды маекке тартты. Алардын бири - Тимур. Ал өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу биринчи жолу ачык айтып чыкты. ВИЧти жугузуп алган дагы бир каарманыбыз Элнураны жолдошу таштап кеткен.

ВИЧ менен жашап келген кыргызстандыктардын бири - Тимур. Ал өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу биринчи жолу ачык айтып чыкты. ВИЧти жугузуп алган дагы бир каарманыбыз Элнураны жолдошу таштап кеткен. Толук баянды видеодон көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    Кундуз Кызылжарова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG